«Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү» VI Билим фестивалынын экинчи күнүнүн программасы

May 11, 2018, 06:00

Билим фестивалынын «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү:досторума мейманга» деген темасы бекеринен тандап алынган жок. Кыргызстанда өзүнүн маданиятын, тилин жана салттарын алып жүргөн 80ден ашык ар түрдүү этностордун өкүлдөрү жашайт. Бул көп түрдүүлүк жалпы өлкөбүздүн өнүгүшүнүн кыймылдаткыч күчүжана байлыгы болуп саналат. Биз ааламдашкан дүйнөдө жашап жатабыз, биздин өлкөдө көптөгөн чет өлкөлүк студенттер жана башка өлкөлөрдүн жарандары окуп жана жашап жатат, ал эми биздин жарандарыбыз чет өлкөлөрдө жашап жана окуп жүрөт. Ошондуктан биз – кыргызстандыктар – үчүн башка элдердин маданиятын, үрп-адаттарын жана салттарын билүү, түшүнүү жана урматтоо маанилүү. Бул маданияттар аралык диалогду андан ары өнүктүрүүгө, өз ара түшүнүшүүгө жана тынчтыкка көмөктөшөт.


Фестиваль балдарды жана жаштарды Кыргызстанда жашаган ар түрдүү этностук топтор менен тааныштырууга, аларда ар кыл элдердин этностук көп түрдүүлүгүн жана маданий өз алдынчалыгын урматтоону тарбиялоого багытталган.



"Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга"

Алтынчы Билим фестивалы 

Экинчи күндүн программасы, 2018-жылдын 19-майы (ишемби)




Чоңойтуу үчүн басыңыз