«Борбордук Азиядагы миграция жана жаштар: өнүктүрүү максатында мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу» тегерек столунун ишине «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын аткаруучу директору Догдуркуль Кендирбаева

April 27, 2018, 06:00

2018-жылдын 24-25-апрелинде Астана шаарында «Борбордук Азиядагы миграция жана жаштар: өнүктүрүү максатында мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу» темасына жогорку деңгээлдеги региондук тегерек стол болуп өттү.

 

Жолугушуунун максаты – Борбордук Азияда жаштардын, миграциянын жана өнүгүүнүн ортосундагы өз ара байланышты талдоо, ошондой эле укуктук жана гендердик келечектин өңүтүнөн эл аралык миграциянын улан-кыздарга терс, ошондой эле оң таасирине баа берүү.

 

Иш-чарага «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдуркуль Кендирбаева катышты.

 

Тегерек столдун жүрүшүндө Д.Кендирбаева презентация менен сөз сүйлөдү, анда «Мекендештер» форуму долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын ишине кең-кесири талдоону келтирди. Атап айтканда, ал анын багыттары жана натыйжалары жөнүндө айтып берди жана ал форум 3 жолу өткөрүлгөнүн белгиледи.

 

Мындан тышкары, ал «Кыргызстандыктардын диаспораларын картирлөө жана чет өлкөлөрдөгү мекендештердин эксперттук ростерин түзүү» темасына изилдөөнүн натыйжаларын келтирди. Д.Кендирбаева ошондой эле «Мекендештер - Кыргызстандын келечегине салым» аталыштагы ийгиликтин таржымалы жөнүндө эки жыйнакты чыгаруу тууралуу жана «Мекендештер» дискуссиялык клубунун иши жана «Мекендештер мейман волонтердук лекциялары» билим берүү программасы жөнүндө маалымдады.

 

Өз кезегинде анын сөзү жогорку рангдагы жетекчилердин арасында, ошондой эле мекендеш катышуучулардын арасында зор кызыгууну пайда кылды. Алар, өз кезегинде, «Мекендештер» форумуна катышууга ниетин билдирди. Аны 2018-жылдын 8-9-августунда Чолпон-Ата шаарында өткөрүү пландаштырылган.

 

Д.Кендирбаеванын сөзүнүн жыйынтыктары боюнча катышуучулар Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүшүнө көмөктөшүү максатында чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарды бириктирүүдө «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын ишин жогору баалады

 

Мындан тышкары, иш-чаранын алдында, 23-апрелде Кыргыз Республикасынын делегациясынын «Кыргызстан-Астана» КБ диаспорасынын өкүлдөрү жана Астана шаарындагы Эмгек мигранттарын колдоо жана окутуу борбору менен жолугушуусу болуп өттү. Д.Кендирбаева «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын «Мекендештер» долбоорунун алкагындагы иши жөнүндө айтып берди жана 2018-жылдын 8-9-августунда Чолпон-Ата шаарында өтө турган кезектеги форум жөнүндө кең-кесири маалымдады. Ал ошондой эле аларды «2018 – Мекендештер» форумунун аянтчасында миграция маселесин талкуулоого чакырды.