«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ Монтессори-педагогика боюнча курска топтоону жарыялайт
May 1, 2018, 06:00«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду 3-6 жаш курактагы балдар үчүн Монтессори-педагогика боюнча курска топтоону жарыялайт.
Курсту Монтессори-педагогикасынын эл аралык институтунун (МПЭИ), Москва шаары, РФ, педагогдору алып барат.
Курстун алгачкы белгилөөчү он-лайн сессиясы үстүбүздөгү жылдын 14-майында өтөт. Курс жети сессиядан турат, ар бир сессия 10 күндөн. Окутуу ар бир күнү, анын ичинде дем алыш күндөрү эртең мененки саат 9дан тартып кечки саат 17.00гө чейин жүрөт.
Курс аяктагандан кийин экзаменди ийгиликтүү тапшырган угуучулар МПЭИтин дипломун алат.
Курска жазылуу сессиянын 7500 сом өлчөмүндөгү акысын төлөгөндөн кийин жүргүзүлөт. (Катышуучулардын акысы гонорарга, жол киреге, түнөккө жана трансферге чыгымдарды жабууга жумшалат).
Орундардын саны чектелүү. Курска жазылуу үстүбүздөгү жылдын 10-майына чейин жүргүзүлөт.
Маалыматтан төмөнкү телефондор: (+312) 66 03 68, 0707 47 18 79 (whats up/вотс ап) же asel.djakypbekova@gmail.com, office@roza.kg дареги боюнча.
Кошумча маалымат:
Кошумча маалымат: Монтессори-педагогика боюнча өткөрүлгөн эки курстун жыйынтыктары боюнча Кыргызстанда төмөнкүдөй Монтессори-балдар бакчалары иштеп жатат: "Шамбала" (жетекчиси: Каримова Эльмира Умаровна), "Синяя птица" (жетекчиси: Камила Исабекова), "Семья" (директору: Алиева Бактыгуль Камаловна), "Happy hours" (жетекчиси: Тимошенко Надежда Викторовна), "Сальма" (жетекчиси: Назаралиева Гульмира Мамбетовна), "Пикколино" (жетекчиси: Иванова Елена), "Дом солнца" (жетекчиси: Никонова Светлана), "Симба", Жалал-Абад шаары (жетекчиси: Чурокова Нургуль Кубанычбековна), "Baby city", Каракол шаары (жетекчиси: Камалова Клара).