«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун 2018-жылдын майына иш-чараларынын дайджести
May 2, 2018, 06:00«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун
2018-жылдын майына
иш-чараларынын дайджести
Ар бир шейшембиде жана бейшембиде – Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн экологиялык тарбиялоо боюнча билимдердин кербени
Кайда: Бишкек шаарынын мектептери
6-7-класстардын окуучулары үчүн «Жаш бишкектиктин эко-эрежелери» темасына интерактивдүү лекция-презентация, командалык оюндар, «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун социалдык эко-роликтерин жана «Адам жана таштанды» мультфильмин көрсөтүү.
Тили: кыргыз/орус
Телефон: 0555 151851 (Данияр Сүйүндүк уулу, эко-акцииянын координатору), 0556 205305 (Мария Колесникова, эко-долбоордун PR менеджери)
10, 11-май – Ысык-Көл областынын мектеп окуучулары үчүн экологиялык тарбиялоо боюнча билимдердин кербени
Качан: 10- жана 11-май
Кайда: Ысык-Көл областынын мектептери
6-7-класстардын окуучулары үчүн «Жаш бишкектиктин эко-эрежелери» темасына интерактивдүү лекция-презентация, командалык оюндар, «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун социалдык эко-роликтерин жана «Адам жана таштанды» мультфильмин көрсөтүү.
Тили: кыргыз/орус
Телефон: 0555 151851 (Данияр Сүйүндүк уулу, эко-акцииянын координатору), 0556 205305 (Мария Колесникова, эко-долбоордун PR менеджери)
12-май – «Таза Ысык-Көл» («ТазаБИШ» акциясынан) экологиялык акция)
Кайда: Ысык-Көл областы
Ысык-Көл областынын булганган жерлерин таштандылардан жана турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарынан тазалоо. Ушул «Таза Ысык-Көл» акциясы «Таза Жашоо» бир айлыгына туш келтирилген.
Телефон: 0555 151851 (Данияр Сүйүндүк уулу, «ТазаБИШ» эко-акцииянын координатору), 0556 205305 (Мария Колесникова, эко-долбоордун PR менеджери)
15-16-май – Кенже курактагы балдарды өнүктүрүү боюнча Биринчи Улуттук Форум
Кайда: «Ала-Арача -1» мамлекеттик резиденциясы, Бишкек шаары
Форумдун негизги максаты эрте өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн алга илгерилетүүдө жана эрте өнүктүрүү боюнча адистерди кесипкөйлөштүрүүдө турат. Форумда ошондой эле эрте өнүктүрүү боюнча адистердин арасында тармакты түзүү жана аны иштетүү боюнча кадамдар талкууланат, бул келечекте эрте өнүктүрүү жагынан кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн, өзгөчө жогорку тобокелдик даражасы бар шарттарда жашаган балдар үчүн адистерди кесипкөйлөштүрүүгө кызмат кылат. Форумдун бардык катышуучулары жогоруда эске алынган бардык өзөктүү маселелер боюнча пленардык жана секциялык талкууларга катышат деп күтүлүүдө. Форумга бардык таламдаш тараптар катыша тургандыгы да кыйла маанилүү, анткени практикалык тажрыйба буларды көрсөтүп турат: тармактын натыйжалуулугу жагынан балдарды эрте өнүктүрүү боюнча саясат өзгөчө натыйжалуу, мында ал өкмөттүн, бийликтердин, НПОлорун, ата-энелердин жана жергиликтүү жамааттардын түздөн-түз катышуусу менен иштелип чыгат. Бул максатта Форум эрте өнүктүрүү жагынан натыйжалуу улуттук саясатты же стратегиялык алкактарды пландаштыруу өбөлгөлөрүн иштеп чыгуу үчүн тартылган бардык таламдаш тараптардын жоопкерчилиги жана алардын сектор аралык кызматташтыгы жөнүндө маселени көтөрөт. Форумдун мааниси ал кенже курактагы балдар жана алдардын ата-энелери үчүн эрте өнүктүрүү жагынан камтууну кеңейтүүнүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуунун узак процессинде биринчи кадам катары каралып жаткандыгында турат.
Тили: орус/кыргыз/англис
Телефон: 0555 004240 (Альбина Осмоналиева, долбоордун ассистенти)
19-май – «Кыргызстандын маданий ар түрдүүлүгү: менин достомура мейманга» темасына алтынчы Билим фестивалы
Качан: 19-май (ишемби, Билим фестивалынын 2-күнү)
Кайда: Улуттук Филармониянын айланасындагы аймак
Балдар жана алардын ата-энелери үчүн концерт, билим кызмат көрсөтүүлөрүнүн ярмаркасы, ар түрдүү мастер-класстар, гүл ярмаркасы, китептер ярмаркасы жана көптөгөн башка нерселер.
Тили: орус/кыргыз
Телефон: 0550 328899 (Айзада Ургуналиева, «Билим фестивалы» долбоорунун ассистенти)
19-май - Балдар филармониясы
Качан: 19-май, 17:00дө башталат
Кайда: Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясы
Концерт на тему: «Дүйнө элдеринин бийлери»
Тили: орус
Телефон: 0707471879 (Джакыпбекова Асель, долбоордун координатору).
29-30-май – «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» республикалык конференциясы
Кайда: “№2 Мамлекеттик Резиденция ” (Чолпон-Ата шаары)
Конференциянын катышуучулары: жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун педагогдору, тарбиячылары, уюштуруучулары, жайыт комитеттеринин өкүлдөрү, ЖӨБнын өкүлдөрү, ЖОЖдордун жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү.
Конференциянын максаты:
1. 2017-жылга жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун жайкы сезонунун жыйынтыктарын чыгаруу.
2. 2018-жылга борборлордун пландарын талкуулоо.
Ошондой эле дароо конференциядан кийин жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун бардык тарбиячылары жана уюштуруучулары үчүн тренингдерди өткөрүү пландаштырылууда.
Тили: кыргыз
Телефон: 05556 549154 (Арстан Сагынтай уулу, «Жайлоодогу балдар бакчалары» долбоорунун координатору).
АР БИР ЖУМАДА - "Гений" Радиоберүүсү
Качан: ар бир жумуда, саат 13:30 - 14:00
Кайда: Биринчи Радио
Телефон: Тел. 0552 600 738 (алып баруучу А.Жоодонбеков), asanasyl@gmail.com
«Мобилдүү өнүктүрүү борбору» – Бишкек шаарында майдагы баруулар
№ |
Турак-жай конуштары |
Дата |
|
Свердловский район МТУ№21 |
|||
1 |
Дордой №94 мектебинин базасында |
11.05.18 11:00-13:00 |
24.05.18 11:00-13:00 |
2 |
Ак-Бата Спорт залдын жана ФАПтын, китепкананын жана № 43 мектептин жанындагы балдар аянтчасынын базасында |
11.05.18 14:00-16:00 |
24.05.18 14:00-16:00 |
Биринчи май району №16 МТУ |
|||
3 |
Ак – Босого №81 мектебинин базасында |
17.05.18 11:00-13:00 |
29.05.18 11:00-13:00 |
4 |
Калыс – Ордо №86 мектебинин базасында |
17.05.18 14:00-16:00 |
29.05.18 14:00-16:00 |
Ленин району №3 МТУ |
|||
5 |
Ала Тоо №82 мектебинин базасында |
18.05.18 11:00-13:00 |
30.05.18 11:00-13:00 |
6 |
Ак-Өргө №84 мектебинин базасында |
18.05.18 14:00-16:00 |
30.05.18 14:00-16:00 |
Октябрь району №6 МТУ |
|||
7 |
Кара-Жыгач №91 мектебинин базасында |
22.05.18 11:00-13:00 |
31.05.18 11:00-13:00 |
8 |
Көк-Жар №88 мектебинин базасында |
22.05.18 14:00-16:00 |
31.05.18 14:00-16:00 |