«Мезгил ыргактары» поэзия кечеси
May 8, 2018, 06:00«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон белгилүү акындар Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасынын, Алыкул атындагы жана “Алтын калем” адабий сыйлыктарынын ээси Мукан Асаналиевдин жана СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, КТРКнын отличниги, Түрксой уюмунун Ардак грамотасынын ээси Калчоро Көкүловдун чыгармачылыгына арналат.
Кече 2018-жылдын 18-майында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын кичи залында өтөт. Кирүү акысыз.
Бир канча тилдерде чыгарма жараткан Мукан Асаналиевдин “Мезгил ыргактары” жана “Белек” аталышындагны китептери жарык көргөн. “Белек” китеби кыргыз, орус, англис тилиндеги ырларынын топтому болуп саналат. М.Асаналиев кыргыз поэзиясын англис тилинде сүйлөткөн акын экендиги менен уникалдуу инсан. .Ал бүгүнкү күндө 78 акындын чыгармасын англис тилине которгон. “Курманжан датка” баш болгон бир нече кинонун субтитрлерин англисче сүйлөткөн.
Калчоро Көкүловдун алгачкы ырлары мектепте окуп жүргөн мезгилде эле Токтогул районунун райондук “Учкун” гезитине жарыяланып келген. Анын алгачкы «Күзгү обон» аттуу ырлар жыйнагы 1982-жылы жарык көргөн. Ал эми 1988-жылы “Мезгил ыргактары” , 1990-жылы “Аптаптуу айыл” китептери басылып чыккан. К.Көкүлов 1991-жылы мыкты акын катары СССР Жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган. Акындын чыгармалары өзүнүн терең ойлору жана жогору көркөмдүгү менен окурмандар арасында сүймөнчүккө ээ.
Кечени акын Мирлан Самыйкожо алып барат.