Р.И.Отунбаева Тынчтыкты жаратуу жана тынчтыкты сактоо маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги жолугушууга катышты

April 26, 2018, 06:00

2018-жылдын 24-25-апрелинде БУУнун Башкы Ассамблеясынын 72-сессиясынын Төрагасы М.Лайчактын чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Экс-Президенти Р.Отунбаева БУУнун Башкы катчысынын алдындагы Медиация маселелери боюнча топтун мүчөсү катары БУУнун Башкы катчысы А.Гутерриштин катышуусу менен Тынчтыкты жаратуу жана тынчтыкты сактоо маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги жолугушууга катышты.

 

Эки күндүк дискуссияларга катышуу үчүн Нью-Йоркко мамлекеттердин, өкмөттөрдүн жана министрликтердин башчылары, саясатчылар жана эксперттер, ошондой эле илимпоздор жана коомдук ишмерлер катышты. Бул Башкы Ассамблеянын сентябрдагы жалпы дебаттарынын жумасынан кийин БУУдагы эң масштабдуу жолугушуу.

 

Р.Отунбаева «жер-жерлерде тынчтыкты жаратуу жана тынчтыкты сактоо чөйрөсүндө БУУнун ишин күчөтүү» темасындагы диалогдо сөз сүйлөдү. Бул жерде ошондой эле ОБСЕнин Башкы катчысы Т.Гремингер, Башкы катчынын Тынчтыкты сактоо жагынан операциялар боюнча орун басары Ж.-П.Лакруа сөз сүйлөдү.