Балдар филармониясы: «Музыканын жаралышы» концерт-презентациясы
April 22, 2018, 06:0020-апрелде «Музыканын жаралышы» концерт-презентациясы өттү. Концерт наристелер үчүн. Алып баруучу байыркы Греция биз колдонуп жүргөн көптөгөн сөздөрдүн мекени болгону жөнүндө айтып берди. Байыркы гректер Олимп тоосундаАпполонжана тогуз муза жашаган деп ишенишкен. Апполон кифараны черткен. Тааныш сөз, чынбы? Ал эми музалар көркөм өнөрдүн тогуз түрүнүн колдоочусу болгон. Олимпиада менен Олимпиадалык оюндар да байыркы Грецияда жаралган. Театр жана драма, астрономия жана поэзия – ушул сөздөрдүн бардыгы да байыркы Грецияда пайда болгон.
Анан да Грецияда Дельфы шаары болгон. Бул шаар Дельфы оюндарынын мекени болуп калган, ага бүткүл дүйнөдөн, анын ичинде биздин Кыргызстандан барган балдар катышат. Дельфыоюндарында жаш музыканттар, бийчилер, ырчылар, сүрөтчүлөр ат салышат.
Байыркы Грециянын тарыхы боюнча саякат ушундай болду.
Концертте музыка ар түрдүү болду – эки классикалык чыгарма жана «Амели», «Кариб деңизинин каракчылары», «ГарриПоттер»фильмдеринен бир нече саундтрек, бирок бардык ушул чыгармалар роялда аткарылды. Чындыгында эле укмуштуудай аспап, аны менен каалаган музыканы аткарууга болот. Концерттин бардык меймандары үчүн композитор Баласагын Мусаев жана Кыргыз Улуттук Консерваториясынын студенти Христина Севостьянова аткарып берди.