«Жаштык ыры» студенттик поэзия кечеси болуп өттү

April 23, 2018, 06:00

2018-жылдын 20-апрелинде Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын кичи залында поэзия мейкининде жаңыдан канат кагып келе жаткан жаштар Зухра Сарногой кызынын, Мирлан Аскаровдун, Юруслан Азимжановдун, Жакшылык Имановдун жана Бүкалча Маматали кызынын “Жаштык ыры” аталышындагы поэзия кечеси болуп өттү. Кече «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана Улуттук Филармония менен биргеликте уюштурулду.


Кече жаштардын жигердүү катышуусу жана сүрөп туруусу менен кызыктуу өттү. Жаш акындар өздөрүнүн ырларын тематикаларга бөлүп жана бири бири менен айтыш форматында окушту.


Айрыкча Зухра Сарногой кызы менен Жакшылык Имановдун бири бирин улап, бири бирине жооп иретинде окуган ырлары көрүүчүлөргө абдан таасирин тийгизип, дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолду.


Ош Мамлекеттик Университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 4-курсунун студенти Бүкалча Маматали кызынын ырлары болсо өзүнүн ойлорунун ачыктыгы, таамайлыгы менен айрымаланса, Мирлан Аскаровдун жана Юруслан Азимжановдун ырлары лирикалуулугу жана көркөмдүгү менен эсте калды.


Иш чараны акын Мирлан Самыйкожо абдан жандуу жана кызыктуу алып барды.