Мекендештердин «2018 - Мекендештер» форумуна каттоо башталды

April 18, 2018, 06:00


Урматтуу мекендештер!


«Мекендештер» форумунун уюштуруу комитети Сизди урматтаганын билдирет жана Сизди «2018 – Мекендештер» форумунун ишине катышууга чакырат, ала үстүбүздөгү жылдын 8-августунан 9-августуна чейин Чолпон-Ата шаарында өтөт.


Мекендештердин «2018 – Мекендештер» дүйнөлүк форуму төртүнчү жолу дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндөгү мекендештерди Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн маселелерин талкуулоо үчүн мамлекеттин, бизнестин, кесиптик бирликтердин, НКОлордун өкүлдөрү жана илимпоздор менен бириктирген дискуссиялык аянтча болуп калат.


Форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүү менен байланышкан орчундуу маселелерди талкуулоо болуп өтөт, туризмди, билим берүүнү, саламаттык сактоону жана маданиятты өнүктүрүү боюнча КРнын айрым региондорунун алда канча ийгиликтүү тажрыйбасы сунуш кылынат, чет өлкөлөрдөгү мекендештер жана диаспоралык бирикмелер КРда социалдык жана бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу жагынан өз тажрыйбасын бөлүшөт жана өздөрүнүн ийгилигинин таржымалдары жөнүндө айтып берет.


Форумдун программасы эки күнгө эсептелген, биринчи күн – пленардык жыйналыштарга жана тематикалык секцияларга, экинчи күн бизнести жана Ысык-Көл областы боюнча туристтик турларды өткөрүүгө арналат.


Форумда төмөнкүдөй маселелер каралат:

- КР региондорун өнүктүрүү;

- региондорду өнүктүрүүдө мекендеш кыз-келиндердин ролу жана орду;

- мигранттардын балдары;

- туризмди өнүктүрүү.


Форумга катышуу Сизге чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо жана алардын потенциалын тартуу боюнча КР Өкмөтүнүн программалары жана демилгелери жөнүндө, чет өлкөлөрдөгү мекендештер ишке ашырып жаткан долбоорлор жөнүндө билүүгө жана максимум пайдалуу жана орчундуу маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, Форум Сизге өз пландарыңызды жана идеяларыңызды алга илгерилетүү, ошондой эле ишкер байланыштардын чөйрөсүн кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн берет.


Форум жөнүндө алда канча кең-кесири маалыматты Сиз http://mekendeshter.roza.kg расмий сайтынан биле аласыз.


Конференциянын катышуучусу катары каттоо үчүн Сиз бул форманы толтурууга жана конференцияга келгенде накталай эмес жана накталай эсептешүү боюнча каттоо төгүмүнүн акысын төлөөгө тийишсиз.


Мейманкананы ээлеп коюуну жана билеттерди сатып алууну конференциянын катышуучулары өз алдынча жүргүзөт. Мейманкананы күн мурунтан ээлеп коюу сунуш кылабыз.


Каттоонун бардык маселелери боюнча шашылыш линияга кайрылыңыздар.

Байланышуу: (996) 700 64 89 04; +996 552 08 51 61 ilimay@mail.ru