VI Билим Фестивалынын программасы

April 15, 2018, 06:00

2018-жылдагы Билим фестивалынын темасы «Кыргызстандын маданий көп түрдүүлүгү: менин досторума мейманга» деп аталат.

 

Билим фестивалынын бул темасы бекеринен тандап алынган жок. Кыргызстан – бай маданий ар түрдүүлүгү бар көп улуттуу өлкө болуп саналат, анда көп сандаган ар кыл маданияттары, салттары жана тилдери бар 80ден ашык ар түрдүү этностор жашайт. Бул көп түрдүүлүк өлкөбүздүн өнүгүшүнүн кыймылдаткыч күчү болуп саналат. Биз ааламдашкан дүйнөдө жашап жатабыз, бизде кыйла сандагы чет өлкөлүк студенттер жана башка өлкөлөрдөн келген жарандар жашап жатат, ал эмибиздин жарандарыбыз башка өлкөлөрдө жашап жана окуп жүрөт. Ошондуктан кыргызстандыктар үчүн маданияттар аралык диалогду андан ары өнүктүрүү жана өз ара түшүнүшү максатында башка элдердин маданиятын, үрп-адаттарын жана салттарын билүү жана урматтоо маанилүү.

 

2018 - Билим фестивалы балдарды жана жаштарды Кыргызстандын бардык региондорунда жашап жаткан ар кыл этностук топтор менен тааныштырууга, аларда ар кандай элдердин этностук ар түрдүүлүгүнө жана маданий өз алдынчалыгын өз ара урматтоого тарбиялоого багытталган.


«КЫРГЫЗСТАНДЫН МАДАНИЙ КӨП ТҮРДҮҮЛҮГҮ:
МЕНИН ДОСТОРУМА МЕЙМАНГА»

АЛТЫНЧЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ФЕСТИВАЛЫ 

20-апрель, 2018-ж., жума (БИРИНЧИ КүН)

ПРОГРАММА