«Жаштык ыры» студенттик поэзия кечеси
April 9, 2018, 06:00«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси жаңыдан канат кагып келе жаткан жаштар Зухра Сарногой кызынын, Мирлан Аскаровдун, Юруслан Азимжановдун, Жакшылык Имановдун жана Бүкалча Маматали кызынын чыгармачылыгына арналат.
Кече 2018-жылдын 20-апрелинде Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын кичи залында өтөт. Иш-чара саат 17.00дө башталат. Кирүү акысыз.
Мирлан Аскаров Кыргыз –Түрк Манас университетинин Экономика жана башкаруу факультетинин 1-курсунун студенти. Өзүнүн жаш экенине карабай эки китептин - “Иллиюзия”, “Сүйгөнүмө кайрылуу” аттуу поэтикалык ыр жыйнактардын автору. Ал жаш кезинен Ч.Айтматовго таасирленип, жазуучу болууну кыялданган, 5-7-класстарда окуп жүргөндө эле алгачкы ырларын жаза баштаган.
Зухра Сарногой кызы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин Философия бөлүмүнүн 4-курсунун студенти. “Жаш тамчы” аттуу ырлар жыйнагынын ээси.
Юруслан Азимжанов Н.Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин 1-курсунун студенти. Аны ыр жазууга эки себеп түрткөндүгүн айтат: алгачкы сүйүү сезими жана айылын эңсеген кусалыгы. Шаарга келип, студент болгон күндөн тарта айылын сагынып ырларды жаза баштаган.
Бүкалча Маматали кызы Ош Мамлекеттик Университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 4-курсунун студенти. “Ыр канат” китебинин автору. “Жигер” адабий клубунун мүчөсү. Анын “Тынчтык болсун” деген ыры 5-класста окуп жүргөнүндө дубал гезитке жарыяланган. Андан кийин анын эне тили жөнүндөгү ыры газетага чыгат. Алыкул Осмоновдун ырларын абдан суктанып көп окуганы айтылат. Мунун баары анын чыгармачылыгынын эрте ойгонуусуна таасирин тийгизет.
Жакшылык Иманов К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинин Кыргыз Филологиясы факультетинин 2-курсунун студенти. Жакшылык да ырларын бала кезинен тартып эле жаза баштаган.
Белгилей кетсек, “Жаштык ыры” студенттик поэзия кечесине өлкөбүздүн жогорку окуу жайларында окуп, ыр жазып жүргөн жаштардын ичинен эң мыктылары тандалып катышууда.
Иш чараны атактуу акын Мирлан Самыйкожо алып барат.