ТазаБиш жалпыга бирдей Таза жашоо кампаниясына кошулат

April 2, 2018, 06:00

Өткөн ишембиде, 31-мартта, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «ТазаБИШ» экологиялык акциясынын командасы жалпыга бирдей #Таза жашоо кампаниясын колдоду. Аймакты тазалоо боюнча акция Алама-Ата көчөсүнүн жана Түштүк магистралдын кесилишинде өттү. Бир нече сааттын ичинде 316 кг ыпыр-сыпырлар чогултулду. Алама-Ата көчөсүн бойлото жайгашкан аймак ар түрдүү ыпыр-сыпырлардан тазаланды.

 

«ТазаБИШ»эко-акциялары «ГЛОБАЛДУУ ОЙ ЖҮГҮРТ, ЧӨЛКӨМДӨ АРАКЕТТЕН: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында Бишкек шаарында 2015-жылдан тартып өткөрүлүп келатат.

 

Мындай эко-акцияларды өткөрүүнүн негизги максаты – курчап турган чөйрөнүн булганышынын жана планетаны таштандыга айлантуунункөйгөйлөрүнө адамдардын көңүлүн буруу, ошондой эле аларда курчап турган чөйрөгө чарбачыл мамиле кылуунун жөндөмдөрүн арттыруу жана экологиялык маданияттын жана сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатуу.

 

«Адамзат атомдук кыргындан өлбөйт, ал өзүнүн калдыктарынан тумчугуп өлөт», – деп айткан качандыр бир кезде белгилүү физик Нильс Бор.

 

Андыктан өзүбүз жашап жаткан жердеги курчап турган чөйрөгө аяр мамиле кылалы!