Пост-релиз «Жаз деми» поэзия кечеси

March 16, 2018, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте 16 - мартта кыргыз элине кеңири белгилүү акын, драматург, жазуучу Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер , Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты , кыргыз телесериалдарынын негиздөөчүсү Өзбекова Жеңишкүлдүн жана Махмуд Кашкари атындагы Эл аралык сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасынын ээси, Маданияттын мыкты кызматкери, Кыргыз теле- радиосунун отличниги Элмира Ажыканованын чыгармачылыгына арналган поэзия кечеси аншлаг менен өттү.Кечеге Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.И Отунбаева, ошондой элеакын жазуучулар, студенттер , жаштар уюмдарынын , коомдук фонддордун өкүлдөрү , дегеле поэзиянын күйөрмандары катышышты.


Ж.Өзүбекованын “Сынар сөйкө”, “Апам жана Ысык-Көл”, “Алтымышым” сыяктуу ырлары өзүнүн элпек ыргактары жана терең лирикалуулугу менен өзгөчөлөндү. Ал эми Элмира Ажыканованын “Сен деңизсин”, “Чыт көйнөк”, “Классташыма”, “Жан маанай”ырлары өзүнүн көркөмдүгү менен угуучулардын маанайын көтөрдү.


Кече Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти , заманбап кыргыз өнөрпозу, обончу , композитор, ырчы, театр жана кино актеру Асылбек Өзүбековдун катышуусу менен абдан кызыктуу маанайда өттү. Ал бир тууган эжеси Жеңишкулдүн сөзүнө жазылган «Көл жана апам », «Күкүк», Кечирип кой” деген ырларын угуучуларга тартуулады.


Иш-чараны акын Мирлан Самыйкожо алып барды.