2017-жыл үчүн «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун отчету
March 1, 2018, 06:00Кымбаттуу достор!
Өткөн жыл Фонддун жашоосу үчүн окуяларга кыйла бай болгонун көрүп турасыңар.
Фонддун демилгелери билим берүүнү, маданиятты жана көркөм өнөрдү өнүктүрүүгө, балдарда жана жаштарда экологиялык жоопкерчиликти жана экологиялык маданияттын деңгээлин жогорулатууга, аялдарды жана жаштарды колдоого, ошондой эле өнүгүүнүн мультимаданий платформаларын түзүүгө багытталган. Бул демилгелердин ар биринин өз миссиясы бар, бирок Фонддун негизги өңүтүн – Кыргызстан калкын өнүктүрүүгө багытталган түзүүчүлүктү чагылдырат.
Биз дайыма өнүгүү принцибин жактайбыз, чечимдин мыкты, адекваттуу убактысын жана жагдайын издейбиз. Анчалык чоң эмес, бирок өтө маанилүү долбоорлорду ишке ашырабыз жана масштабдуу шаардык иш-чараларды уюштурабыз, өз ишибизде борбор шаарды гана эмес, ошондой эле өлкөнүн региондорун камтууга аракет кылабыз.
Силер бардык жакшы, жаңы жана кызыктуу нерселерди көрүп жана билип гана тим болбостон, ошондой эле оң эмоциялардын бүтүндөй спектрин алышыңар үчүн биз жыл сайын колдон келген күч-аракеттердин бардыгын жумшайбыз.