8-март - айымдарды, алардын эмгегин, энелерди даңазалаган майрам. Майрамыңыздар менен, кымбаттуу айымдар!
March 7, 2018, 06:00Кымбаттуу айымдар!
Силер дээрлик бардык нерселерди жасай аласыңар: терең океанда сүзүп, эң бийик тоого чыга аласыңар, врач болуп же самолетто уча аласыңар, коркунучка дуушар болушуңар мүмкүн, бирок баары бир бардык тоскоолдуктардан өтүп, алга илгерилей бересиңер. Силер – күчтүү, сулуу, боорукер жансыңар, силерге мактоонун баары жарашат! Бүгүн силердин майрамыңар – 8-март! 8-март – айымдарды, алардын эмгегин, энелерди даңазалаган майрам. Майрамыңыздар менен, кымбаттуу айымдар!
Кымбаттуу биздин айымдарыбыз, көөнөрбөс мээримиңер үчүн, жүрөгүңөрдүн кеңдиги үчүн, биздин жашообузду жаркын, кубанычтуу жана көрктүү кыла алгандыгыңарүчүн Силерге ыракмат.
Силердин чарчап-чаалыкпаганэмгегиңерге, өз үйүңөр, балдарыңар, тууган-туушкандарыңар жөнүндө камкордугуңарга ызаат көрсөтүп, Силерди терең урматтоо жана ыраазычылык билдирүүменен куттуктайбыз.
Бизди Силердин мээримиңер, боорукердигиңер, сулуулугуңаржана даанышмандыгыңар, оорчулуктардан илгери үмүт менен арылабилгениңер шыктандырат.
Кымбаттуу айымдар, Силердин үй-бүлөңөргө, туугандарыңарга жана жакындарыңарга зор бакты-таалай, ден соолук, эмгектегиийгиликтерди, үйүңөргө молчулукту, берекени, жакшылыктарды каалайбыз!
«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын уюштуруучусу жана жамааты