«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун 2018-жылдын мартына иш-чараларынын дайджести

March 1, 2018, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун

 

2018-жылдынмартына

 

иш-чараларынын дайджести

 

 

Ар бир шейшембиде жана бейшембиде – Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн экологиялык тарбиялоо боюнча билим кербени

Кайда: Бишкек шаарынын мектептери

«Жаш бишкектиктинэко-эрежелери» темасына интерактивдүү лекция-презентациялар, командалык оюндар, «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун социалдык эко-роликтерин жана 6-7-класстардын окуучулары үчүн «Адам жана таштанды» мультфильмин көрсөтүү.

Тили: кыргыз/орус

Телефон: 0555 151851 (Данияр Сүйүндукуулу, эко-акциянынкоординатору), 0556 205305 (Мария Колесникова, эко-долбоордун PR менеджери)

 

 

14-март - көчөттү туура отургузуу боюнча практикалык мастер-класстарменен экологиялык тарбиялоо боюнча «Менин жашыл досум» лекция-презентациясы жана «Балдарды өнүктүрүүдө жана тарбиялоодо куурчактын ролу» практикалык лекция-презентациясы

Кайда: № 93 МБУ

Лекция-презентация МБУлардын тарбиячылары жана методисттери үчүн уюштурулган

Тили: орус/кыргыз

Телефон: 0550 328899 (АйзадаУргуналиева, эко-долбоордун ассистенти)

 


14-март - «Бешикыры» республикалык конкурсунун жыйынтык иш-чарасы

Кайда: К.Молдобасанов атындагы Кыргызулуттук консерваториясы.

Тили: кыргыз

Телефон: 0772 855710 (Т.Шайдуллаева-координатор),

 

 

16-март - Поэзия кечеси

Кайда: Т.Сатылгановатындагы Улуттук филармониянын кичи залы

Жеңишкүл Өзбекованын жана Эльмира Ажыканованын «Поэзия кечеси»

Телефон: 0555773750/0772328807 (Кайыкова Роза, координатор)

 

 

16-март - Балдар филармониясы, "Испания" программасы

Кайда: Т.Сатылгановатындагы Улуттук филармониянын кичи залы

«Балдар филармониясы» өзүнүн эски жана жаңы досторун жаңы «Испания» программасына чакырат, ал 16-мартта саат 15.00дө Улуттук филармониянын кичи залында өтөт.

Испания – бул улуу Гудинин архитектурасы, мыкты бийлер жана эң сонун, унутулгус музыка. Кастаньеттин, гитаранын, фламенконун үнү жана Испания жөнүндө кызыктуу фактылар – ушулардын бардыгы биздин концертте. Жазды музыка менен тосолу!

Билеттин наркы - 140 сом. Билеттер филармониянын кассасында.

Телефон: 0772800376 (ДжакыпбековаАсель, долбоордун координатору)



АР БИР ИШЕМБИДЕ - ата-энелер үчүн "Радио мектеп"

Качан: 10:00-10:30

Кайда: Кыргыз радиосу

Бул «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун жана КТРКнын «Кыргыз радиосу» радиостанциясынын биргелешкен жаңы долбоору – «Кенже курактагы балдарды өнүктүрүү» багытында «Ата-энелер үчүн радио мектеп». Бул долбоордун алкагында күнүнө эки жолу эфирде ата-энелер үчүн пайдалуу кеңештер уктурулат, ал эми ар бир ишембиде угармандарга балдарды кенже курактан тартып өнүктүрүү боюнча адистердин интервьюсу сунуш кылынат.

Бул долбоордун максаты – ата-энелерди, өзгөчө жаш ата-энелерди пайдалуу маалымат жана балдарды кенже курактан тартып өнүктүрүү жагындагы адистердин кеңештери менен камсыз кылуу.

Телефон: 0552 855 710 (Топчугуль Шайдуллаева)




АР БИР ЖУМА КҮНҮ - "Гений" радио берүүсү

Качан: ар бир жума күнү саат 13:30дөн 14:00гө чейин

Кайда: Биринчи Радио

Телефон: 0552 600 738, asanasyl@gmail.com