МБУда тарбиялоо процессиндеги салттуу билимдер

February 20, 2018, 06:00

2018-жылдын 16-февралында (жума) Бишкек шаарынын № 35 мектепке чейинки билим берүү уюмунда МБУлардын тарбиячылары үчүн «Тарбиялоо процессинде салттуу билимдердин ролу жана мааниси» лекция-презентациясы өттү.

 

Иш-чарага борбордогу МБУлардын 50дөн ашык тарбиячысы, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун өкүлдөрү катышты.

 

Профессор, салттуу билимдер жана элдик оюндар боюнча эксперт, көп сандаган белгилүү эмгектердин автору Т.Э. Уметов, ошондой эле балдар жазуучусу, Тоголок Молдо атындагы сыйлыктын лауреаты, балдар жазуучуларын арасындагы "ЮНИСЕФ" конкурсунун жеңүүчүсү Ж. Акаева лектор болду.

 

Профессор Уметов семинардын катышуучуларына балдарды тарбиялоо процессинде салттуу билимдердин маанилүүлүгүн жана мааниси жөнүндө айтып берди. Жазуучу Жылдыз Акаева МБУлардын тарбиячыларына балдар бакчаларында салттуу билимдерди колдонуу жөнүндө айтып берди. Ошентип, семинардын катышуучулары жазуучу даярдаган чий куурчак этностук куурчагынын мисалында кыргыз элинин салттуу билимдери менен таанышты.

 

Салттуу билимдер боюнча лекция-презентация «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте уюштурулду жана Бишкек шаарынын МБУларынын тарбиячылары үчүн семинардын алкагында өткөрүлдү.

 

Т.Э. Уметовдун презентациясы менен ушул жерден таанышып жана жазып алууга болот >>>