КР мектепке чейинки билим берүү тутумунун өкүлдөрү Түркияда таанышуу сапары менен жүрөт

February 16, 2018, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору», «Өнүктүрүүнүн мобилдүү борборлору», «Бешик ыры» долбоорлорунун жана башка долбоорлорунун 2017-жылдагы ишинин жыйынтыктары боюнча жигердүү катышуучулар, уюштуруучулар жана өнөктөр Түркияга сапар менен сыйланган. Түркияга визиттин программасы Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер Ассоциациясынын колдоосу менен уюштурулуп жатат.

 

КРнын билим берүү тутумунун 12 өкүлү Стамбул шаарынын Муниципалитет теринин билим берүүсүнүн мектепке чейинки тутуму менен таанышууда.

 

Визиттин максаты – Түркия Республикасынын билим берүү тутуму менен таанышуу, кенже жана наристе курактагы балдарды өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу, бул багытта инновациялык методика менен таанышуу. Сапар 2018-жылдын 11-февралында башталган жана 17-февралына чейин улантылат.

 

11-февралда делегация Стамбул шаарына келди.

 

Экинчи күнү 12-февралда Стамбул шаарынын 39 Муниципалитетинин бириндеги – Байрампашадагы 2 балдар бакчасынын иши менен таанышты жана 3 жаштан 6 жашка чейинки балдар үчүн өткөрүлүүчү демонстрациялык мастер-класстарга катышты. Делегацияны Түркиянын мектепке чейинкибилим берүүсүнүн түзүмү, тутуму, окутуу методикасы өтө кызыктырды, буга балдар бакчасынын жетекчилиги жан-дилименен жооп берди. Экинчи күндүн аягында делегация Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер Ассоциациясынынштаб-квартирасына барды, ал жерде Ассоциациянын Башкы катчысы Фахри Солакменен жолукту жана сапарды ушунчалык жогору уюштургандыгы үчүн жана тажрыйба алмашууга катышуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Кийинки күн Пендик Муниципалитетинде Өнөрлүү балдар үчүн өнүктүрүү борборуна баруу менен башталды. Ал жерде педагогикалык жамаат делегацияны бул долбоорменен тааныштырды жана өнөрлүү балдар окуган класстар боюнча экскурсия өткөрүлдү. Мектепке чейинкимекемелерден бул борборго демейдегиден башкача ойлонууга айрым тесттерден өткөндөн кийин кабыл алышат. Жылына 750 баланын ичинен 100-120 баланы тандап алышат. Борбордо балдарды өнүктүрүүүчүн шарттар түзүлгөн, музыка боюнча класстар, лабораториялар, ар түрдүү өнүктүрүүчү оюндар, сүрөт тартуу, өсүмдүктөрдү өстүрүү жана башкалар бар. Андан соңтоп ошол эле муниципалитеттеги экинчи балдар бакчасына барды жана анын иши менен таанышты.

 

Ошол эле күнү делегация КарталМуниципалитетине барды жана муниципалитеттин түздөн-түз жетекчилиги менен таанышты. Картал Муниципалитетинин жетекчисинин орун басары муниципалитеттин билим берүүчөйрөсүндөгү ийгиликтери жөнүндө айтып берди. Андан кийин топ ушул муниципалитетке тиешелүү балдар бакчасынын иши менен таанышты. Кечинде топту «Жомок музейине» алып барышты, ал жерде дүйнөлүк белгилүү эски жомок китептер жана жомоктордогу каармандар менен байланышкан ар түрдүү, кызыктуу оюнчуктар коюлган. Бул жерге балдар ата-энелери менен келет.

 

14-февралда Кагитан Муниципалитетинде балдар бакчасынын жана Кучукчекмесе Муниципалитетинде 2 балдар бакчасынын иши менен таанышты. Балдарбакчаларында жашыл эксперименталдык участоктор өзгөчө көңүлдү бурду, ал жерде балдар ата-энелери менен бирге жерди иштетет, жашылчаларды отургузат жана түшүм алат, кенже курактан тартып патриотизмге, ар кандай жөндөмдөргө, баарлашууга, лидерликтин жана чечендиктин мыкты тажрыйбасына тарбияланат. Балдарбакчаларынын иши пайда алууга эмес, балдарды өнүктүрүүгө жана алардын коопсуздугуна басым жасай тургандыгын белгилеп кетүү керек.

 

Делегацияын мүчөлөрү Түркиянын мектепке чейинки билим берүү тутуму менен танышууга мүмкүндүк бергендиги үчүн экс-президент, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун уюштуруучусу Р.И.Отунбаевага жана Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер Ассоциациясына, анын башкы катчысы Фахри Солахка зор ыраазычылык билдиришти. Делегациянын мүчөлөрү келечекте түрк тажрыйбасын жер-жерлерде өз практикасына киргизүүгө ниеттенип жатканын белгилөөгө болот.