Түркияга сапардын алдында «Манас» КТУнун жетекчилиги жана педагогдору менен жолугушуу
February 15, 2018, 06:002018-жылдын 9-февралында КР мектепке чейинки билим берүүтутумунун 12 өкүлүнүн Түркияга сапарынын алдында «Манас» Кыргыз-Түрк Университетинин жетекчилиги жана педагогдору менен жолугушуусу болду.
Жолугушууда «Манас» КТУнун ректору проф. др. Сeбахаттин Балжы саламдашуу менен сөз сүйлөдү, ал Түркия жөнүндө бир аз айтып берди жана топко сапары үзүрлүү болушун каалады.
Тарых бөлүмүнүн окутуучусу Роза Абдыкулова Түркиянын тарыхын презентациялады жана топтун суроолоруна жооп берди.
Педагогика жана психология бөлүмүнүн окутуучулары Түркиянын билим берүү тутуму жөнүндө айтып беришти жана ошондой эле делегациянын суроолоруна жооп берди.
Делегация уюштуруучуларга жолугушууүчүн ыраазычылык билдирди.
Эске сала кетсек: «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын«Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору», «Өнүктүрүүнүн мобилдүү борборлору»,«Бешик ыры»долбоорлорунун жана башкадолбоорлорунун 2017-жылдагы ишинин жыйынтыктары боюнча жигердүү катышуучулар, уюштуруучулар жана өнөктөр Түркияга сапар менен сыйланган. Түркияга визиттин программасы Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер Ассоциациясынын колдоосу менен 2018-жылдын11-февралынан 17-февралына чейин уюштурулуп жатат.