Баткен областында семинар-тренинг өттү

February 12, 2018, 06:00

2018-жылдын 8-9-февралында Баткен областында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы Ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн орун басары Ч.Саттарованын катышуусу менен КРдагы Юнисон Групптун колдоосунда эки күндүк семинар–тренингди уюштурду.

 

Иш-чарага ошондой эле КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм боюнча департаментинин директору А. Жаманкулов, Юнисон Групптун Ош шаарындагы региондук офисинин жетекчиси Н. Ирисов катышты. Жамааттарга негизделген Кыргыз туризм ассоциациясынын (КАТОС) өкүлү, эл аралык эксперт З. Байзакова машыктыруучу болду.

 

Бул иш-чара Баткен областында туризмди өнүктүрүү маселелерине арналды. Ага Лейлек, Кадамжай, Баткен райондорунун жана Баткен, Исфана, Сүлүктү шаарларынын демилгелүү тургундары катышты.

 

Семинарды «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын координатору Р.Кайыкова ачты, ал чогулгандарды трунингди өткөрүүнүн максаттары менен тааныштырды, республикада туризмди өнүктүрүүдө фонддун демилгелери жөнүндө айтып берди. Ыйгарым укуктуу Өкүлдүн орун басары Ч.Саттарова жергиликтүү ишкерлердин жөндөмдөрүн жана бүтүндөй алганда региондун туристтик потенциалын жогорулатууда бул тренингдин маанилүүлүгүн белгиледи. Ал туризмди өнүктүрүү «Жаны доорго кырк кадам» өкмөттүк программасынын кадамдарынын бири болуп саналат деп белгиледи. Мындан тышкары, ал алдыдагы «Айгүл» фестивалы жөнүндө билдирди, ал 2018-жылдын апрелинде өтөт, ага ошондой эле мейман үйлөрү бар адамдар катыша алат.

 

Семинардын учурунда катышуучулар Баткен областында меймандостук темасын жана туристтерди кабыл алуунун өзгөчөлүктөрүн жана бул тармакты өнүктүрүүнүн келечектерин зор кызыгуу менен талкуулады. Эл аралык эксперт меймандостуктун негиздери жөнүндө, анын эл аралык стандарттары жөнүндө, мейман үйлөрүндөгү сервис жана анын минималдуу стандарттары жөнүндө айтып берди.

 

Эксперт Кыргызстандагы СВТ мейман үйлөрү, тамактануунун стандарттары, санитария, номерлерди тазалоо жөнүндө, туристтердин негизги талаптары, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жөнүндө айтып берди. Мындан тышкары, катышуучулар туристтердин багытынын негизги индикатортору жөнүндө, ийгиликтүү окуялар, турларды иштеп чыгуу, мейман үйүнүн калькуляциясы жөнүндө да билип алды.

 

З. Байзакова статистика боюнча бир канааттандырылган турист өзүнүн артынан 10 туристти алып келет, ошол эле учурда бир туристтин терс пикири 90 потенциалдуу туристке терс таасир этет деп айтты.

 

А.Жаманкулов катышуучуларга Баткен областындагы туристтик мүмкүнчүлүктөр жана туристтик кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү жолдору жөнүндө презентация жасады жана катышуучулар тарабынан берилген көп сандаган суроолорго жооп берди.

 

Алай районунун Сары-Могол айылынан ийгиликтүү жеке ишкер А.Нышанов мейман үйлөрүн жана экотуризмди уюштуруудагы өз тажрыйбасы жөнүндө айтып берди. Ошондой эле «Ош дестинациясы» коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары тажрыйбасын бөлүштү жана түштүк региондо туристтик пакеттер менен иштөөнүн спецификасы жөнүндө айтып берди. Мындан тышкары, ал Баткен областындагы ишкерлердин жана «Ош дестинациясы» коомдук бирикмесинин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында коомду түзүүнү сунуш кылып, Баткен-Ходжент -Баткен туристтик маршрутун уюштурууда Баткендик ишкерлердин мыкты мүмкүнчүлүктөрүн баса белгиледи.

 

Н. Ирисов КИРСЕФ долбоорунун мисалында энергияны үнөмдөөчү ресурстарды пайдаланууда мейман үйлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү. Атап айтканда, ал айрым материалдарды пайдалануу менен мейман үйлөрүнүн дубалдарын, терезелерин, эшиктерин, полун кантип жылытуу керектигин көрсөттү. Андан соң машыктыруучу бул багытта долбоорлордун гранттык мүмкүнчүлүктөү жөнүндө айтып берди.

 

Өз тарабынан семинардын катышуучуларына жолдордун сапатына тиешелүү маселе кызыктуу болду, ал туризмди өнүктүрүүдө кыйла мааниге ээ.

 

Тренингдин аягында катышуучулар өз ара кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилеп жана тематикалык ватсап топту түздү.