«Көчмө өнүгүү борборунун» күндөлүгүнөн. Көңул борборунда - коопсуздук
February 21, 2018, 06:002018-жылдын 21-февраль күнү “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун “Көчмө өнүгүү борбору” өзүнүн кезектеги ишмердигин коопсуздук маселесине буруу менен улантты. Бишкек шаарындагы №94 орто мектепте “Дордой” жана “Ак бата” жаңы конуштарынын наристелери жана ата-энелери үчүн атайын адистерден турган топ Жол коопсуздугу, Өрт коопсуздугу жана Жалпы коопсуздук темалары боюнча тренингдерди өткөрүштү.
Тренингдерде кызыктуу интерактивдүү ыкмалар колдонулуп, көптөгөн суроо –жооптор менен коштолду. Түштөн кийин М.Жангазиев атындагы Куурчак театрынын артисттери аталган мектептин чоӊ залында тренингдин катышуучуларына - бөбөктөргө жана алардын ата-энелерине Анна Богачеванын “Шайыр светофор” деген спектаклин тартуулашты. Спектаклди Россия Федерациясынын маданиятына эмгек сиӊирген ишмер Б.П.Ходырев койгон.
“Шайыр светофор”- жол эрежелерин кантип сактоону бөбөктөргө көрсөтмөлүү ыкмалар менен түшүндүрүп айткан, таанып билүүчүлүк, маалыматтык мааниси абдан чоӊ чыгарма экендигине көрүүчүлөр ынанды. Балдар спектаклди ынтызарлык менен көрүшүп, суроолорго жигердүү жооп беришип, өздөрү үчүн жол эржелерин сактоодо практикалык колдоону алышты. Соӊунда ата-энелер уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.
Ушундай эле мазмундагы жана программадагы иш чара КӨБ тарабынан эртеӊ Бишкек шаарынын Калыс-Ордо жаӊы конушунда улантылат.