Уинстон Черчиллдин «Асти сынбагыла« китебинин бет ачаары болот
February 19, 2018, 06:002018-жылдын 22-февралында Бишкек шаарындагы “Орион” отелинде Улуу Британия өлкөсүнүн көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери У.Черчиллдин “Асти сынбагыла” аталышындагы китебинин бет ачаары болот.
Аталган китеп 2017-жылдын акыркы айында жарыкка чыккан. Китептин кыргызча котормосу “Роза Отунбаеванын демилегеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан 2015-жылдан тартып жарык көрө баштаган “Өмүрү өрнөк инсандар” түрмөгүнүн алкагында даярдалды. Китепти дипломат жана Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Б. Каламбекова которду. Бул Уинстон Черчиллдин мыкты сөздөрүнүн кыргыз тилиндеги тунгуч жыйнагы окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналган.
Бет ачаарга Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева, КР Жогорку Кеӊешинин депутаттары, көрүнүктүү саясат таануучулар, окумуштуулар жана ММК өкүлдөрү катышышат.
Иш-чара “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулуп жатат. Китептин жарык көрүшүнө Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги көмөк көрсөттү.