Февралда Баткенде туризмди өнүктүрүүгө арналган семинар-тренинг өтөт
February 6, 2018, 06:00«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ 2018-жылдын 8-9-февралында Баткен областында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ч.О Саттарованын катышуусу менен КРдагы Юнисон Топтун колдоосунда 2 күндүк семинар-тренингди өткөрүүнү пландаштырып жатат. Иш-чарагаошондой эле КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директору А. Жаманкулов, Юнисон Топтун Ош шаарындагы региондук офисинин жетекчиси Н. Ирисов, ошондой эле машыктыруучу катары Жамааттарга негизделген Кыргыз туризм ассоциациясынын (ЖНКТА) өкүлү Байзакова Замира катышат.
Бул иш-чара Баткен областында туризмди өнүктүрүү маселелерине арналган. Ага Лейлек, Кадамжай, Баткен райондорунан жана Баткен, Кызыл Кыя, Сүлүктү шаарларынан демилгелүү адамдар катышат.
Семинардын учурунда катышуучулар Баткен регионундагы меймандостук жана туристтерди кабыл алуу маселелерин, анын өзгөчөлүктөрүн жана келечектерин талкуулайт. Эксперттер катышуучуларга меймандостуктун негиздери жөнүндө, анын эл аралыкстандарттары жөнүндө, мейман үйлөрүндөгү сервис жана анын минималдуу талаптары жөнүндө айтып берет. Ошондой эле тренингдин учурунда Кыргызстандагы СВТ мейман үйлөрү, меймандарды кабыл алуунун стандарттары, меймандостук, тамак-аштын стандарттары, санитария, номерлерди жууп-тазалоонун стандарттары жөнүндө, туристтердин негизги талаптары, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жөнүндө маалымат беришет, катышуучуларга туристтердин багытынын негизги индикаторлоружөнүндө, ийгиликтүү окуялар, туристтерди тейлөө, мейман үйүнүн калькуляциясы жөнүндө, мейман үйүнүн тапкан пайдалары менен чыгымдары жана башкалар жөнүндө да айтып беришет.
А.Жаманкулов катышуучуларга Баткен областындагы туристтик мүмкүнчүлүктөр жана туристтик кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү жолдору (Турпродукт)жөнүндө айтып берет, ал эми Н. Ирисов КИРСЕФ долбоорунун негизинде катышуучуларга ресурстардын энергияны үнөмдөчү формаларын жана энергияны пайдаланууда мейман үйлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдайт.
Тренингдин жыйынтыктары боюнча келечекте эл аралык стандарттар жөнүндө алынган маалыматтын негизинде топтордо иштөө менен мейман үйлөрүн ачууну пландаштырып жаткан катышуучулар өз регионунда мейман үйүнө карата негизги нормаларды жана талаптарды иштеп чыгат.
Бул семинар-тренинг Баткен областында жаңы мейман үйлөрүн ачуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү берет, деп белгилеп кетебиз.