2018-жылдын февралына «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун иш-чараларынын дайджести
February 8, 2018, 06:002018-жылдын февралына
«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун
иш-чараларынын дайджести
8-9-февраль– «Баткен областында туризмди өнүктүрүү» семинар-тренинги
Кайда: Баткен шаары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагыЫйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ч.О Саттарованын катышуусу менен КРдагы Юнисон Топтун колдоосундагы семинар–тренинг. Иш-чарага КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директору А. Жаманкулов, Юнисон Топтун Ош шаарындагы региондук офисинин жетекчиси Н. Ирисов, ошондой эле машыктыруучу катары Жамааттарга негизделген Кыргыз туризм ассоциациясынын (ЖНКТА) өкүлү Байзакова Замира катышат. Бул иш-чара Баткен областында туризмди өнүктүрүү маселелерине арналган. Ага Лейлек, Кадамжай, Баткен райондорунан жана Баткен, Кызыл Кыя, Сүлүктү шаарларынан демилгелүү адамдар катышат.
Тили: кыргыз
Телефон: 0555773750/0772328807 (Кайыкова Роза, координатор)
Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн экологиялык тарбиялоо боюнча билимдердин кербени
Качан:ар бир шейшембиде жана бейшембиде
Кайда: Бишкек шаарынын мектептери
6-7 класстардын окуучулары үчүн «Жаш бишкектиктинэко-эрежелери» темасына интерактивдүү лекция-презентация, командалык оюндар, «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун социалдык эко-роликтерин жана «Адам жана таштанды» мультфильмин көрсөтүү.
Тили: кыргыз жана орус
Телефон: 0555 151851 (Данияр Суйундук уулу, эко-акциянын координатору), 0556 205305 (Мария Колесникова, эко-долбоордун PR менеджери)
16-февраль – МБУлардын тарбиячылары жана методисттери үчүн «Тарбиялоо процессинде салттуу билимдердин ролу жана мааниси» лекция-презентациясы
Кайда: № 35 МБУ
Чий-куурчак боюнча «Баланы өнүктүрүүдө жана тарбиялоодо куурчактын ролу» мастер-классынын коштоосу менен лекция-презентация.
Тили: орус/кыргыз
Телефон: 0550 328899 (Айзада Ургуналиева, эко-долбоордун ассистенти)
22-февраль– У.Черчиллдин кыргыз тилиндеги «Асти сынбагыла» китебинин презентациясы
Кайда: «Орион» бизнес-борбору
XX кылымдын көрүнүктүү саясатчысыУ.Черчиллдин «Асти сынбагыла» китебинин презентациясы. Китеп англис тилинен кыргыз тилине которулду.
Тили: кыргыз жана орус
Телефон:0772 800376 (А.Джакыпбекова-координатор)
23-февраль - Поэзия көчөсү
Кайда: Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын кичи залы
Эльмирбек Иманалиевдин поэзия кечеси
Телефон: 0555773750/0772328807 (Кайыкова Роза, координатор)
АР БИР ИШЕМБИДЕ - ата-энелер үчүн "Радио мектеп"
Качан: 10:00-10:30
Кайда: Кыргыз радиосу
Бул «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун жана КТРКнын «Кыргыз радиосу» радиостанциясынын биргелешкен жаңы долбоору – «Кенже курактагы балдарды өнүктүрүү» багытында «Ата-энелер үчүн радио мектеп». Бул долбоордун алкагында күнүнө эки жолу эфирде ата-энелер үчүн пайдалуу кеңештер уктурулат, ал эми ар бир ишембиде угармандарга балдарды кенже курактан тартып өнүктүрүү боюнча адистердин интервьюсу сунуш кылынат.
Бул долбоордун максаты – ата-энелерди, өзгөчө жаш ата-энелерди пайдалуу маалымат жана балдарды кенже курактан тартып өнүктүрүү жагындагы адистердин кеңештери менен камсыз кылуу.
Телефон: 0552 855 710 (Топчугуль Шайдуллаева)
АР БИР ЖУМА КҮНҮ - "Гений" радио берүүсү
Качан: ар бир жума күнү саат 13:30дөн 14:00гө чейин
Кайда: Биринчи Радио
Телефон: 0552 600 738, asanasyl@gmail.com