Жайлоо өнүгүү борборлору долбооруна эл аралык сыйлык тапшырылды

February 6, 2018, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоору "Global Event Awards-2017" эл аралык сыйлыгына ээ болду, сыйлоо аземи 2018-жылдын 2-февралькүнү Holiday Inn Tagansky (Москва, Россия Федерациясы) өттү.


Global Event Awards – бул Россия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Латвия, Литва, Азербайжан, Армения, Эстония сыяктуу өлкөлөрдүн мыкты иш-чараларынын жана ивент агенттиктеринин ортосундагы эл аралык сыйлык.


КМШнын жана Прибалтиканын 7 өлкөсүнөн 56 компания 2017-жылы ар кандай номинациялардагы 90 дон ашык иштерди сунуш кылды.


Мыктылардын мыктылары, анын ичинде Кыргызстандан келгендер жеңүүчүлөрдөн болуп калды.


Кыргызстандын “Жайлоо өнүгүү борборлору” долбоору «Балдардын мыкты иш-чарасы» катары Эл аралык сыйлыктын ардактуу 2 ордун ээледи, бул Кыргызстанда гана эмес, ошондой эле анын чегинен тышкары жакта ушул иш-чаранын маанилүүлүгүн, сапатын жана маанисин дагы бир жолу ырастайт.


Эске сала кетсек, 2017-жылдын 29-октябрында Бишкек шаарында EVENT AWARDS CENTRAL ASIA Борбордук-азиялык сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо болуп өткөн, ал жерде «Борбордук Азиядагы мыкты билим берүү иш-чарасы» номинациясында «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоору 1-орунду алган.


«Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоорунун командасы биздин өлкөдө билим берүүнү алга илгерилетүүгө колдоо көрсөткөндүгү жана салым кошкондугу үчүн бардык демөөрчүлөргө, өнөктөргө жана досторго ыраазычылык билдирет!

 

Шилтемеде сыйлоо аземинен сүрөттөр: https://www.facebook.com/globaleventawards/