Сырттан Жаңы жылдын сыйкырдуу деми келип жатат!

December 30, 2017, 06:00



Кымбаттуу достор!

 

 

Балалыктын узактан күткөн жана кубанычтуу майрамы – Жаңы жылды тосуу жакындап калды. Апельсиндин кабыгынын жана карагайдын бутагынын аңкыган жыты сыйкырды күткөн, толкунданган абалга бөлөөдө. Өткөн жылга кылчайып карап көргүлө, ал кыйла жакшы нерселерди алып келди, өтүп жаткан календардын бардык жетишкендиктери жана жеңиштери жаңы жылда көбөйүп, ачылыштарга жана салтанаттарга жык толсун!

 

  Кийинки жыл силер үчүн бакты-таалайдын, кубанычтын жана тилеген максаттарга жетишүүнүн жылы болсун. Ушул шаңдуу майрамды тууган-туушкандардын жана жакшы көргөн адамдардын чөйрөсүндө белгилегиле, көйгөйлөрдү жана жагымсыз нерселерди унуткула, Жаңы жылды ууртуңардагы күлкү жана эң сонун маанай менен тоскула! 

 

 

Жаңы 2018-жылыңар менен, достор!