«Өнүктүрүүнүн мобилдүү борбору» долбоорунун алкагында «Дордой» турак-жай конушунда Роза Отунбаеванын катышуусу менен иш-чара өттү
December 14, 2017, 06:00«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду 2017-жылдын1-ноябрынан тартын ишке ашырып жаткан «Өнүктүрүүнүн мобилдүү борбору» долбоорунун алкагында2017-жылдын12-декабрында Бишкек шаарынын №94 орто мектебинде кезектеги иш-чара болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.И.Отунбаева, КР ЖКнын депутаты Н.В.Никитенко жана Дордой» турак-жай конушун 100дөн ашык тургундары катышты, алардын жарымы – балдар.
«Өнүктүрүүнүн мобилдүү борбору» долбоорунун максаты – эрте өнүктүрүү маселелери боюнча балдардын жөндөмдөрүн жакшыртуу аркылуукенже курактагы балдарга берилүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга көмөктөшүү.
Белгилеп кетели, окутуу КР Саламаттык сактоо министрлиги, РЦУЗ, БЦУЗ менен бирдикте жүргүзүлүп жатат. Тренингдер жана окутуу башталаар алдында «Манас» эпосунан үзүндү көрсөтүлдү, ал мектеп окуучуларынын күчү менен даярдалды.
Жаңы конуштун тургундарынын алдында сөз сүйлөп, КР экс-Президенти Р.Отунбаева кенже куракта ушундай иш-чаралардын маанилүү, өзгөчө балдарда мектепке чейинкимекемелерге баруу мүмкүнчүлүгү жок болгон жерлерде маанилүү экенин белгиледи.
Жолугушуу учурунда БЦУЗдунмашыктыруучулары, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын аткаруучу директору ДогдургульКендирбаева, «Өнүктүрүүнүн мобилдүү борбору» долбоорунун координатору Чынара Абдраимакунова лекция менен сөз сүйлөдү.
Бүгүнкү күнгө карата ушул долбоордун алкагында «Таза колдор» темасы боюнча окутуулардын жана жолугушуулардын төрт циклине 400 чоң киши жана 420 бала катышты, «Соо тиштер» темасы боюнча 300дөн ашык чоң киши жана 260 балаокутуудан өттү. «Туура тамактануу, кан аздыктын алдын алуу», «Имуннопрофилактика» темалары боюнча тренингдерде актуалдуу көйгөйлөр талкууланды, бүтүндөй алганда, бүгүнкү күнгө чейин тренингдерге1371 ата-энежана 1036 бала катышты.
Бул демилгелерге өнөктөр болуп төмөнкүлөр саналат: Бишкек шаарынын мэриясы, КР Саламаттык сактоо министрлиги, Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору, ЦСМ, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы, билим берүү мекемелери, анын ичинде мектепке чейинкибилим берүү мекемелери, И.Арабаев атындагы КМУ, Ж.Баласагын атындагы КУУ, Кыргыз түрк «Манас» университети, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россиялык Славян университети, Кыргызстандагы Кызыл Жарым Ай Улуттук Коому, Т.Эрматов атындагы музыкалык педагогикалыкколледж, ошондой эле борбордун муниципалдык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.