Уинстон Черчиллдин китеби кыргыз тилинде жарык көрдү

December 13, 2017, 06:00

Ушул күндөрү Улуу Британия өлкөсүнүн көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери У.Черчиллдин “Асти сынбагыла” аталышындагы китеби кыргыз тилинде жарык көрдү.

 

Китептин кыргызча котормосу “Роза Отунбаеванын демилегеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан 2015-жылдан тартып жарык көрө баштаган “Өмүрү өрнөк инсандар” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышы болуп саналат. Китепти дипломат жана Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Б. Каламбекова которду.


Китептин жарык көрүшүнө Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги көмөк көрсөттү.


Уинстон Черчиллдин мыкты сөздөрүнүн кыргыз тилиндеги тунгуч жыйнагы окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат/