Жакын адамдарга кубаныч тартуулагыла жана жакшы иштерди жасагыла

December 10, 2018, 06:00

Кымбаттуу достор жана өнөктөр!


Жыл сайын Жаңы жылдын алдында биз силерге «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду сүрөтчү Х.Ф.Шимова менен бирге чыгарган открыткаларды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн беребиз.


Открыткаларды сатуудан келип түшкөн бардык каражаттар балдар билим берүүдолбоорлорун колдоого жумшалат.


Бул открыткаларды өзүңөржана өз жакындарыңар үчүн сатып алуу менен силер Кыргызстандын билим берүүсүн жана маданиятын өнүктүрүүгө жана колдоого салым кошосуңар.

 

Открыткаларды төмөнкүдөй баа боюнча сатып алууга болот:

эки тараптуу открытка – 40 сом, почта открыткасы – 20 сом.

 

 

төмөнкүдөй дарек боюнча офисте: Чүй проспекти 106, 108-каб.(Тыныстанов көчөсү мененкесилиште)

 

Маалыматүчүн телефондор: 660382 жана 0555004240 (Альбина Осмоналиева)