Балдар бакчаларындагы экологиялык тарбиялоо

November 29, 2017, 06:00

Бишкек шаарынын мектепке чейинкибилим берүү уюмдарынын (МБУ) тарбиячыларыүчүн «Оюн – МБУларда балдарды экологиялык тарбиялоонун жана өнүктүрүүнүн негизги каражаты» темасына семинар-тренинг болуп өттү.

 

МБУларүчүн шаардык семинар – тренинг 2017-жылдын 17-ноябрында№138МБУда өттү жана Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын методикалык кеңеши тарабынан уюштурулду.

 

Семинардын алкагында меймандар үчүн «Алтын күз» темасына көргөзмөбоюнча экскурсия өткөрүлдү, анда тарбиялануучулар, ошондой эле алардын ата-энелери жаратылышматериалдарынан өз колу менен жасаган буюмдар коюлду.

 

Көргөзмө аяктагандан кийин №138 МБУнун орто тобунун тарбиячысы меймандарга «Суу – өмүр булагы» темасына комплекстүү машыгуу боюнча ачык сабак өттү. Мындан тышкары,семинардын алкагында №64 жана 61МБУлардын тарбиячылары жаратылышка жана туулуп-өскөн жерге карата сүйүүнү оюн формасында калыптандыруу боюнча алар менен өз ишинин тажрыйбасын көрсөттү. Катышуучулардын алдында №64МБУнун тарбиячысы А. Касымалиева «Балдардын экологиялык маданияттулугункалптандыруу» презентациясыменен сөз сүйлөдү. Мындан тышкары,№61МБУнун тарбиячысы Р. Шигаева«Таза шаар» темасына жогорку топтогу балдар менен иштөөнүнөз иш тажрыйбасын көрсөттү.

 

Бардык тарбиячыларүчүн презентациялардан кийин «Балдар үчүн колдо болгон каражаттардан оюндарды кантип ойлоп табуу керек» деген мастер-класс уюштурулду, ал жерде ар бир мейман жаратылыш материалдарынан кызыктуу оюндарды түзүүбоюнча өзүнүн чыгармачыл жөндөмдөрүн көрсөттү.

 

Бул семинар Бишкек шаарынын МБУлары өткөрүп жаткан экология боюнча бир айлыктын жыйынтыктарын чыгарды, ал мектепке чейинкибилим берүү уюмдарынын (МБУ) методисттеринин август конференциясынын кезектеги секциясында жарыяланган болучу.