КР Экс-президенти Р.Отунбаева «Бир жол, бир тилке» долбоорун өнүктүрүүнүн келечектери жөнүндө баяндама менен сөз сүйлөдү
December 2, 2017, 06:001-декабрда Р.Отунбаева өзү кеңешчиси болуп саналган Кытайдын «Кытай жана глобалдаштыруу» эң белгилүү талдоо борборлорунун биринде «Бир жол, бир тилке» долбоорун өнүктүрүүнүн келечектери жөнүндө баяндама менен сөз сүйлөдү. Журналисттер жана илим изилдөөчүлөр, Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча адистер мейманга берилген көп сандаган суроолорго жоопторду алды. Алар келечекте ушундай маалыматтык жолугушууларды уюштуруу жөнүндө өтө каалоолорун билдирди.
Экс-Президент ошондой эле белгилүү журналист Тиан Вейдин Кытайдын Борбордук Телекөрсөтүүсүндөгү анын «Дүйнө ич тарабынан» (CGTN) деген эл аралык программасында маектешүүчү болуп сөз сүйлөдү. Кытайдын ааламдык демилгелеринин өңүтүндө Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикалык келечектери, региондогукөйгөйлөр жана кытай инвесторлору үчүн мүмкүнчүлүктөр, Кытай менен Россиянын ортосундагыЕвразиялык экономикалык өнөктөштүк жөнүндө Келишимдин келечеги – талкууланган маселелердин чөйрөсү ушундай болду.
Р.И.Отунбаева ишсапардын жүрүшүндө «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду менен кызматташып жаткан бир катар кытай өнөктөр менен жолугушту.