«Поэтерапия» поэзия кечеси
December 1, 2017, 06:00Урматтуу поэзия күйөрмандары!
Сиздерди Кыргыз элине белгилүү акындар Жылдызбек Турсунбаев менен Калича Жакыпованын "ПОЭТЕРАПИЯ" аттуу поэзия кечесине чакырабыз.
Кече 15-декабрь, саат 17.00-до Улуттук филармониянын кичи залында өтөт.
Кирүү акысыз.
Келип көңүлүңүздү ачып кетиңиз!
Пресс-релиз
«Поэтерапия» поэзия кечеси
«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүккө ээ болгон жаш акындар Калича Жакыпованын жана Жылдызбек Турсунбаевдин чыгармачылыгына арналып жатат. Кече 2017-жылдын 15-декабрында Филармониянын кичи залында өтөт. Башалышы саат 17.00. Кирүү акысыз.
Калича Жакыпова кесиби боюнча суу инженери. Азыркы тапта Кыргыз Агрардык университетинде аспирантурада окуйт жана «Кыргызсуудолбоор» мамлекеттик ишканасында инженер-долборлоочу болуп эмгектенет. Алгачкы ырларын 12-13 жашынан баштап жаза баштаган. Азыркы учурда “Эйфория” аттуу ырлар жыйнагынын жана “Топурак деми” аттуу котормо китебинин автору . Эл аралык “Шабыт” фестивалынын лауреаты. Түрк дүйнөсүнүн жаш жазуучулар биримдигинин мүчөсү. Аталган биримдиктин атайын "Ардак грамотасы" менен сыйланган. (Баку-2016). Анын ырлары өзүнүн лирикалуулугу менен өзгөчөлөнөт.
Жылдызбек Турсунбаев алгачкы ырларын 14 жашынан тарта жаза баштаган. Ырларында көбүнчө публицистикалык темаларга кайрылганды жактырат. Манасчылык жана сөзмөрдүк өнөрү боюнча республикалык бир нече таймаштардын баш байгесин багындырган. Эл Аралык «Нурборбор» чыгармачыл академиясынын, «Айтыш коомдук» фондунун жана «Калемгер» адабий клубунун мүчөсү. Учурда «Манас» радиосунда эмгектенип келет. Ырлары “Саамалык-3” (2003), “Алманын мөмөлөрү” (2003), “Кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясы” (2011) сыяктуу жыйнактарда жарык көргөн. Ошондой эле жаш акын “Жаралуу Сезимдер” (2012) жана “Дил чабыт” (2013) аталышындагы поэтикалык эки китептин автору. Ж.Турсунбаев эл аралык “Шабыт” фестивалынын жеӊүүчүсү. 2014-жылы “Жылдын мыкты акыны” наамын алган. Маданияттын мыкты кызматкери төш белгисинин ээси.
Кечени белгилүү акын Мирлан Самыйкожо алып барат.