Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Мадрид клубунун мүчөлөрү менен жолугушту

November 30, 2017, 06:00

Бүгүн, 30-ноябрда, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Мадрид клубунун мүчөлөрү менен жолугушту, ага 2011-жылдан тартып Кыргызстандын экс-Президенти Р.И.Отунбаева мүчө болуп саналат.


Жолугушуунун учурунда Си Цзиньпин Кытай өзүнүн жеке жолун тандоого элдердин укугун дайыма жактап келген, анткени дүйнөдө өнүгүүнүн универсалдуу жолу жок деп баса белгиледи. Эгерде бардыгы бирдей болсо, анда дүйнөдө заттардын өнүгүшү, прогресс токтойт. Кытай цивилизациялардын ар түрдүүлүгүн урматтайт жана тажрыйба алмашууну жактайт, прогресске бирге жетишүү үчүн өлкөнү башкаруу жана артыкчылыктарды иликтөө жагынан алмашуу максатында башка өлкөлөр менен кызматташууга даяр.


Өз сөзүндө Си Цзиньпин мындай деп белгиледи:«жолугушууга беш континенттен келген Мадрид клубунун бардык мүчөлөрү башка өлкөлөр менен тажрыйба алмашууга жана кызматташууга көмөктөшүү боюнча зор ишти жасады. Мен муну жогору баалайм. Кытайдын өнүгүшү үчүн, кытай элинин жана бардык башка элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө жана достукка көмөктөшүү үчүн силер өз жетишкендгиңерди толук бөлүшөсүңөр жана кеңешиңер менен сунушуңарды дайыма берип турасыңар деп үмүттөнөм». 


Видео-жаңылыктыCCTV News’та төмөнкү шилтемеден көрүүгө болот >>>


Мадрид клубу – демократияны жана эл аралык шериктештиктеги өзгөрүүлөрдү алга илгерилетүү үчүн түзүлгөн көзкарандысыз коммерциялык эмес уюм. Дүйнө өлкөлөрүнүн мурдагы 80 президентинен жана 56 премьер-министринен турат, дүйнөдөгү мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн мурдагы башчыларынын ири форуму болуп саналат. Ал 2002-жылы түзүлгөн.

Мадрид клубунун негизги максаттары демократиялык институттарды чыңдоо жана эки өзөктүү тармакта: демократиялык жетекчилик кылууда жана башкарууда, ошондой эле кризистик жана пост кризистик кырдаалдарга мамиле кылууда саясий чыр-чатактарды чечүү маселелери боюнча консультация өткөрүү болуп саналат.

КМШ өлкөлөрүнөн Мадрид клубунун мүчөлөрү болуп М.С. Горбачевжана Р.И.Отунбаева саналат.