Кыргызстандын экс-президенти Р.И.Отунбаева Кытайда

November 29, 2017, 06:00

Р.И. Отунбаева 28-29-ноябрда, Гуанчжоуда (Кытай) «Ааламдык башкаруу, өңүт жана ага Кытайдын катышуусу» эл аралык конференциясына, ошондой эле Мадрид Клубунун жылдык чогулушуна катышып жатат. Конференцияда Кытайдын жогорку жетекчилигинин мүчөлөрү, көптөгөн өлкөлөрдөн келген көрүнүктүү илимпоздор, изилдөөчүлөр, бизнестин жана финансылык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү сөз сүйлөп жатат. Жогорку деңгээлдеги сөз сүйлөгөндөрдүн арасында: ККПнын Саясий бюросунун мүчөсү Ванг Чен, Кытайдын чет өлкөлөр менен Достук Коомунун өкүлү Ли Ксяолин, БУУнун мурдагы Башкы катчысы Пан Ги Мун, Европалык Бирликтин мурдагы Президенти Романо Проди бар.

 

Дүйнөлүк саясатта улутчулдук жана популизм күчөшүнүн өңүтүндө конференциянын катышуучулары глобализмди, дүйнөнүн экономикалык, саясий, социалдык өнүгүшүнүн маселелерине карата инклюзивдик, өз ара байланыштуу, инновациялык ыкманы колдоо зарылчылыгын баса белгиледи. Идеялардын жана жобонун дал ушундай багыттары Кытайдын Компартиясынын жакында болуп өткөн XIX съездинин материалдарында так айтылган, алар бул күндөрү дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүнүн борборунда.

 

Ошол эле учурда КР экс-Президенти Р. Отунбаева БУУнун Жогорку деңгээлдеги медитация тобунун мүчөсү катары БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасы менен телекөпүрөгө катышты, ал жерде 18 адамдан турган топтун БУУнун Башкы катчысы А.Гутерреш менен үч саат бою биринчи жолугушуусу болуп өттү. Сөз БУУну дүйнөдөгү талаштарга жана чыр-чатактарга тартуу жолдору жана зарылчылыгы жөнүндө, талаштарды иш билгилик менен жөнгө салуу жөнүндө, жаңы бирикменин мандаты жөнүндө жүрдү.