Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди бириктирүү үчүн алгачкы мобилдүү тиркеме иштелип чыкты!
November 22, 2017, 06:00«Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди бириктирүү үчүн алгачкы мобилдүү тиркеме иштелип чыкты!», - бүгүнмекендешибиз, Берлин Техникалык Университетинин бүтүрүүчүсү Эрназар Рысалиев социалдык тармактардагы өзүнүн бетинде ушундай жаңылык менен бөлүштү.
Биз «KG Club» мессенжерин түздүк, ал чет өлкөлөрдөгү бардык жарандарыбызга бири-бирине жакын болууга, сапаттуу жана тез байланышка ээ болууга жана кыйын учурда бири-бирине тез жардам берүүгө мүмкүндүк түзөт.
KG Club тирке месижөнүндө кыскача:
• бул көп сандаган ар кыл функциялары бар мобилдүү форум, анда катышуучу топту түзө алат жана кызыкчылктар боюнча учурдагы топко кире алат;
• топту түзүүдө анын тибин тандоого болот: ачык, жабык, анонимдүү, ошондой эле топту локалдаштырууну тандоого болот;
• жеке кабарлар функциясы: WhatsAppсыяктуу эле, силер топтун ичинен кимдир-бирөө менен, башкача айтканда,жекеме-жеке кат алыша аласыңар, мында маектешүүчүнүн мобилдүү номерин сөзсүз эле билүүнүн кереги жок.
Тиркеме PlayStore’ге келип түштү жана эртеңки күндөн тартып AppStore’де жеткиликтүү болот.
Эрназар Рысалиев: «Мен немец тилин билбестен, телефонум, багытым болбостон жана биринчи айга чөнтөктөгү 500 евроменен Германиягаалгачкы жолу келгенде, мен кантсе да «өз адамдарымды» тапсам кандай жакшы болор эле деп ойлодум. Мен жаңы келген дээрлик ар бир адам ушундай жагдайга туш болгон деп ишенем. Үч жылдын ичинде биз ар бир адамга жеткиликтүү боло турган платформанын концепциясын иштеп чыктык. Ошентип, Кыргызстандан келген өзүмдүн досторум менен бирдикте биз «KG Club»мессенжерин түздүк. Бүгүнкү күндө мен билген диаспоралардын биринде да ушундай тиркеме жок».
«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын уюштуруучусунун жана жамаатынын атынан мекендештерибизди, «KG Club» мессенжерин иштеп чыгуучулардыжана бүткүл «KyrgyzClub-Germany» диаспорасын ушул ири кадам – мобилдүү тиркеменин чыгышы менен куттуктайбыз.
Ушул тиркеме бири-бири менен таанышуу, бири-бирин билүү, зарылчылык болгон учурда колдоо же жардам берүү максатында, ошондой эле илгери үмүттөрдү аткаруу жана жалпы максаттарга жетишүү үчүн чет өлкөлөрдөгү мекендештерди реалдуу бириктирүүгө мүмкүндүк берет.