«Бешик ырлары» сынагы жыйынтыкталды
November 13, 2017, 06:00«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясы жана Кыргыз радиосу менен өнөктөштүктө өткөргөн республикалык Бешик ырлары сынагы жакында жыйынтыкталды. 2017-жылдын 10-ноябрь күнү адистерден турган кадыр-барктуу жюри келип түшкөн ырларды Жобого ылайык үч критерий – ырдын мазмууну, обону жана аткаруучулук чеберчилиги боюнча баалап, жеӊүүчүлөрдү аныктады.
Биринчи орунга бир, экичи орунга эки жана үчүнчү орунга үч жеӊүүчү тандалды. Андан тышкары тогуз катышуучу кызыктыруучу сыйлыктарга көрсөтүлдү. Баардыгы болуп 15 ыр тандалып алынды. Сынакка Кыргызстандын чар тарабынан 47 талапкердин ырлары келип түшкөн. Сынакка катышкандар Жобого ылайык ырларын музыкалык аспаптын коштоосу жок, жандуу үн менен ырдап жиберишкен.
Эскерте кетсек, бешик ырларына жарыяланган сынак 2017-жылдын 7-июнунан ушул жылдын 1-ноябрына чейин жүргүзүлдү.
Жеӊүүчүлөрдү сыйлоо декабрь айында өтөт.