«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун 2017-жылдын ноябрына иш-чараларынын дайджести
November 2, 2017, 06:00«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун
2017-жылдын ноябрына
иш-чараларынын дайджести
2-ноябрь - «Мекендештер» мейман лекциялары
Качан: 2-ноябрь, 12:30
Кайда: Б.Н. Ельцин атындагы КРСУнун башкы корпусу, 212-аудитория
«Эки тараптуу соода талаштарын чечүүнүн механизмдери.Эл аралык мамилелер жана көп тараптуу соода тутумунун мүмкүнчүлүктөрү». Кыргызстандын АКШдагы Экс-элчиси, КРнын БУУ/ДСУдагытуруктуу өкүлү, Азия өнүктүрүү банкынын эл аралык консультанты, (Ph.D) Муктар ЖумалиевДСУнун практикасы, көп тараптуу соода тутумунун мүмкүнчүлүктөрү, соода талаштарын чечүүнүнөбөлгөлөрү жана механизмдери жөнүндө, ДСУдагыкомпенсация практикасы жөнүндө айтып берет.
Тили: орус
Телефон: 0555812251 (МуховиковаАлена, долбоордун координатору)
Шейшемби жана бейшемби: Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн экологиялык тарбиялоо боюнча билим кербени
Качан: шейшемби жана бейшемби
Кайда: Бишкек шаарынын мектептери
«Жаш бишкектиктинэко-эрежелери» темасына интерактивдүү лекция-презентация, командалык оюндар, «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун социалдык эко-роликтерин жана 6-7-класстарлдын окуучулары үчүн «Адам жана таштанды» мультфильминкөрсөтүү.
Тили: кыргыз жана орус
Телефон: 0555 151851 (Данияр Сүйүндүк уулу, эко-акциянын координатору), 0556 205305 (Мария Колесникова, эко-долбоордун PR менеджери)
Мобилдүү өнүктүрүү борбору
Долбоордун максаты Бишкек шаарынын 8 турак-жай конушунда мектепке чейинки курактагы балдарды эртелеп өнүктүрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу аркылуу билимге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү. Турак-жай конуштарында жашаган ата-энелер жана балдар үчүн акциянын катышуучулары болот.
Свердлов району, №21МТУ
1,14,23-ноябрь (убактысы 11:00-13:00) –Дордой,№94 мектептин базасында
1,14,23-ноябрь (убактысы 14:00-16:00) - №21МТУ, Ак –Бата турак-жай конушу, спорт залдын жана ФАПтын,китепкананын базасында, № 43 мектептин жанында;
Биринчи май району №16МТУ
2,16,24-ноябрь (убактысы 11:00-13:00) - Ак-Босоготурак-жай конушу, №81 орто мектеп
2,16,24-ноябрь (убактысы 14:00-16:00) –Калыс-Ордотурак-жай конушу, 86орто мектеп
Ленин району № 3МТУ
3,17,27-ноябрь (убактысы 11:00-13:00) - Ала Тоо, №82мектептин базасында
3,17,27-ноябрь (убактысы 14:00-16:00) - Ак-Ордо
Октябрь району №6МТУ
9,21,28-ноябрь (убактысы 11:00-13:00)- Кара-Жыгач, №91мектептин базасында
9,21,28-ноябрь (убактысы 14:00-16:00) -Рухий-Мурас,ФАПтын бош жайынын жана №72мектептин базасында
Телефон: 0559737373,0705500586 (Абдраимакунова Чынара, долбоордун координатору)
8-ноябрь – Бишкек шаарынын жеке мектепке чейинки билим берүү уюмдары (МБУ) үчүн экологиялык тарбиялоо боюнча лекция-презентация
Качан: 8-ноябрь, 14:00-15:30
Кайда: "Оберег" реабилитациялоо борбору
Бишкек шаарынын жеке МБУларынын директорлору/методисттери/даярдоо топторунун тарбиячылары үчүн экологиялык тарбиялоо боюнча интерактивдүү лекция-презентация.
Тили: орус
Телефон: 0550 328899 (Айзада Ургуналиева,эко-долбоордун ассистенти)
17-ноябрь – Поэзия кечеси
Качан: 17-ноябрь, убактысы 17:00
Кайда: Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын кичи залы
Нурлан Калыбековдун жана Рысбай Исаковдун«Ыр Дайра» поэзия кечеси
Телефон: 0772800376 (ДжакыпбековаАсель, долбоордун координатору)
22-ноябрь - Балдар филармониясы
Качан: 22-ноябрь, убактысы 15:00
Кайда: Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын кичи залы
Жаш музыканттардын жана Япониядан келген дирижерКензиХиротака мырзанын катышуусу менен Абдраев атындагы музыкалык мектептин Симфониялык оркестринин концерти
Телефон: 0772800376 (ДжакыпбековаАсель, долбоордун координатору)
"ТазаБИШ" балдар экологиялык акциясы
Убактысы жана датасу кошумча маалымдалат.
"ТазаБИШ" –борборубуздун булганган жерлерин таштандыдан жана ТККдан тазалоо боюнча экологиялык акция. Бул акциянын максаты Бишкектин экологиялык көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу, шаардыктар арасында сырттан карап байкап туруучунун эмес, экологиялык акциялардын жана иш-чаралардын жигердүү катышуучусунун позициясын калыптандыруу болуп саналат.
Акциянын катышуучуларына зарыл шаймандар (таштандыны жана ТККны чогултуу үчүн мээлейлер жана мүшөктөр) берилет.
Телефон: 0555 151851 (Данияр Сүйүндүк уулу, эко-акциянын координатору)
Бир ай ичинде – Бишкек шаарынын МБУларында экологиялык тарбиялоо боюнча иш-чараларга баруу жана аларды тартуу
Кайда: Бишкек шаарындагы мамлекеттик МБУлар
Телефон: 0556 205305 (Мария Колесникова,эко-долбоордун PR менеджери)
Борбордогу МБУлардын тарбиячы/методисттери үчүн лекция-презентация
Убактысы жана датасы кошумча маалымдалат.
Турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын (ТКК) башкаруу боюнча «Таштанды – биздин байлыгыбыз» лекция-презентациясы, ал МБУлардын тарбиячы/методисттери үчүн таштандыларды өз-өзүнчө чогултуу жана ТККларды пайдалануу боюнча мастер-класс менен коштолот. Лекциянын жүрүшүндө катышуучуларга эко-темага видео-роликтер көрсөтүлөт, ошондой эле ТККдан буюмдарды жасоо боюнча «Атам, апам жана мен – экологиялык үй-бүлөбүз» конкурсунун башталышы жөнүндө жарыяланат.
Тили: орус
Телефон: 0556 205305, 0550 328899
АР БИР ИШЕМБИДЕ - ата-энелер үчүн "Радио мектеп"
Качан: 10:00-10:30
Кайда: Кыргыз радиосу
Бул «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун жана КТРКнын «Кыргыз радиосу» радиостанциясынын биргелешкен жаңы долбоору – «Кенже курактагы балдарды өнүктүрүү» багытында «Ата-энелер үчүн радио мектеп». Бул долбоордун алкагында күнүнө эки жолу эфирде ата-энелер үчүн пайдалуу кеңештер уктурулат, ал эми ар бир ишембиде угармандарга балдарды кенже курактан тартып өнүктүрүү боюнча адистердин интервьюсу сунуш кылынат.
Бул долбоордун максаты – ата-энелерди, өзгөчө жаш ата-энелерди пайдалуу маалымат жана балдарды кенже курактан тартып өнүктүрүү жагындагы адистердин кеңештери менен камсыз кылуу.
Телефон: 0552 855 710 (Топчугуль Шайдуллаева)
АР БИР ЖУМА КҮНҮ - "Гений" радио берүүсү
Качан: ар бир жума күнү саат 13:30дөн 14:00гө чейин
Кайда: Биринчи Радио
Телефон: 0552 600 738, asanasyl@gmail.com