ЖАЙЛОО ӨНҮГҮҮ БОРБОРЛОРУ - Борбордук Азияда билим берүүдөгү мыкты долбоор атанды

October 30, 2017, 06:00

2017-жылдын 29-октябрында Бишкек шаарында Борбордук азиялык EVENT AWARDS CENTRAL ASIA сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо иш чарасы болуп өттү.


Көп сандаган долбоорлордун ичинен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоору «Борбордук Азиядагы билим берүүчү мыкты иш-чара» номинациясынын жеңүүчүсү болду.


EVENT AWARDS CENTRAL ASIA – Борбордук Азиялык кесиптик көз карандысыз сыйлык, ал атайын иш-чараларды жана окуялык маркетингди өткөрүү тармагындагы чыгармачылык жетишкендиктери үчүн ыйгарылат. EACA – Global Event Awards эл аралык сыйлыгынын бир бөлүгү болуп саналат. Кеңири маалымат алуу үчүн: www.eaca.pro. сайтына баш багыңыз.

EACA нын жеңүүчүлөрү мыкты event-компанияларынын арасындагы эл аралык сыйлыкка катыша алат, ал Россияда, Беларуста, Украинада, Латвияда 2013-жылдан бери ыйгарылат.

2015-жылдан тартып бул сыйлыкка EACA да жеңген Борбордук Азиянын event-компаниялары катыша алат.


Долбоорлорду баалоону event-индустриянын белгилүү ишмерлеринен, Россиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын компанияларынын HR-, PR- жана маркетингдик бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен, ошондой эле кесипкөй ММКлардын өкүлдөрүнөн жана ишмерлерден түзүлгөн көзкарандысыз калыстар тобу жүргүзөт.