«Мекендештер мейман лекциялары» программасынын алкагында Муктар Жумалиев менен жолугушуу өтөт
October 24, 2017, 06:002-ноябрда «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Мекендештер мейман лекциялары» программасынын алкагында Кыргызстандын АКШдагы Экс-элчиси, КРнын БУУ/ДСУдагы туруктуу өкүлү, Азия өнүктүрүү банкынын эл аралык консультанты, (Ph.D) Муктар Жумалиев менен жолугушуу өтөт.
Тема: «Эки тараптуу соода талаштарын чечүү механизмдери, Эл аралык мамилелер жана көп тараптуу соода системасынын мүмкүнчүлүктөрү»
Кыргызстан эл аралык көп тараптуу соода системасынын толук укуктуу мүчөсү жана региондук интеграциялык уюмдун мүчөсү болуп саналат. Көп тараптуу жана региондук уюмдардын негизги принциптери – бул кысымга албоо, алдын ала айтууга боло турган соода саясаты, талаштарды чечүүнүн көп тараптуу механизмдерине жеткиликтүүлүк.
Көп тараптуу өбөлгөлөрдү пайдалануу менен КРнын соода-экономикалык кызыкчылыктарын кантип алга илгерилетүү керек?
Муктар Жумалиев ДСУнун практикасы, көп тараптуу соода системасынын мүмкүнчүлүктөрү, соода талаштарын чечүүнүн өбөлгөлөрү жана механизмдери жөнүндө, ДСУдагы компенсациялардын практикасы жөнүндө айтып берет.
Иш-чаранын тили:
Лекция орус тилинде өтөт.
Орду жана убактысы: 2017-жылдын 2-ноябры, саат 12:30, Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россиялык Славян университетинин башкы корпусу, 212-аудитория
Алдын ала каттоо:
Лекцияга келүүнү каалагандарды (+996) 0 555 81 22 51 телефону боюнча, mekendeshter@roza.kg электрондук почтасы боюнча күн мурунтан жазылууну өтүнөбүз.