«Гений» радиопрограммасы: Менталдык арифметиканын балдардын жалпы өнүгүшүнө таасири

October 23, 2017, 06:00

«Гений» радиопрограммасынын 2017-жылдын 20-октябрындагы чыгарылышы менталдык арифметиканын балдардын жалпы өнүгүшүнө таасирине арналган.

 

Менталдык арифметика –жогорку натыйжалуу билим берүү системасы, анын жардамы менен жүз миңдеген балдар жадында калькулятордон тез эсептөөгө үйрөндү жана өздөрүнүн интеллектуалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүүнү улантып жатат.

 

Менталдык арифметиканын маңызы окуу процессинде баш мээнин эки жарым шарынын тең иштешистимулдашатургандыгына турат. Жөнөкөй жаттаган учурда (мектепте бизди канча окутканын эстегиле) бала логиканы – мээнин сол жарымын гана пайдаланат.

 

Менталдык арифметикада бала элестеткен эсептер менен иштеп, элестетүү, сезимталдык, чыгармачылык үчүн жооп берүүчү оң жарым шарын пайдалана баштайт. Ошентип, бала сандарды сүрөт катары элестетип, математикалык тапшырманы чече баштайт.

 

Соңку учурда Кыргызстанда ошондой эле менталдык арифметиканын курстарын кеңири рекламалоо өнөктүгү кулач жайды. Ошондуктан биз эфирдин мейманы – Кыргыз билим берүү академиясынын Вице-президенти Токтомамбетов Алмаз жана менталдык арифметика боюнча машыктыруучуЧоробек кызы Бактыгүл менен ушул методиканын бардык артыкчылыктарын жана кемчиликтерин талкууладык. Чын эле мээнин эки жарым шары тең активдүү иштей баштайбы? Кандай кемчиликтер болушу мүмкүн? Бул методикаларрегиондордо жайылтылып жатабы?