Кыргызстандагы инклюзивдик театрдын жаңы оюн-зооктору
October 20, 2017, 06:002017-жылдын 20-октябрында «Үмүт – Надежда» БРБнын алдындагы ЯнушКорчак атындагы борбордо «Айдалган Алмамбет» спектакли өттү, анда Германиядан келгенрежиссер Кристоф Штольценбургдун жетекчилиги астында «Үмүт– Надежда» балдар реабилитациялоо борборунун алдындагы топтордогу өзгөчө балдар SOS Балдар айылынан келген балдар менен бирдикте оюн койду.
Бул «Манас» эпосунун мотивдери боюнчаинклюзивдик театрдын үчүнчү оюн коюусу. Алгачкы экөө – 2014- жана 2016-жылдары – татыктуу бааланган жана көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн түнөк тапкан.
Колдоо көрсөткөнү үчүн бардык меймандарыбызга ыраазычылык билдиребиз.
Ал эми эртең балдар жана ата-энелер үчүн спектакль коюлат.
«Үмүт» илгери ой-тилекти билдирет жана биз бардыгына Манас эпосунан «Айдалган Алмамбет» спектаклинтартуулагыбыз келет.
Биз ушул инклюзивдиктеатралдык оюн-зооктун жардамы менен ар бир эки жылда Бишкекте инклюзивдиктеатралдык бий жана музыкалык топтор менен бирге Фестивалды майрамдай алышыбыз үчүн көптөгөн балдардын, ата-энелердин жана педагогдордун кызыгуусун ойготууга ниеттенип жатабыз.
«Үмүт-Надежда» балдар реабилитациялоо борбору