«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2017-жылдын октябрына иш-чараларынын дайджести

October 6, 2017, 06:00


«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын


2017-жылдын октябрына


иш-чараларынын дайджести




3, 5, 10, 12, 17, 19, 24, 26 жана 31-октябрда – Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн экологиялык тарбиялоо боюнча билим кербени

Качан: 3, 5, 10, 12, 17, 19, 24, 26 жана 31-октябрда

Кайда: Бишкек шаарынын № 2, 8, 68, 13, 40, 42, 44, 47 жана 50 мектептери

«Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун «Жаш бишкектиктинэко-эрежелери» темасына интерактивдүү лекция-презентациясы, командалык оюндар, 6-7-класстардын окуучулары үчүн социалдык эко-роликтерди жана «Адам жана таштанды» мультфильмин көрсөтүү.

Тили: кыргыз жана орус

Телефон: 0555 151851 (Данияр Сүйүндүк уулу, эко-акциянын координатору), 0556 205305 (Мария Колесникова, эко-долбоордунPRменеджери)



7-октябрь - "ТазаБИШ"эко-акциясы

Качан: 7-октябрь, саат 10:00дө

Кайда: Гареев атындагы Ботаникалык бакча (Ахунбаевкөчөсү/Алма-Ата көчөсү)

ТазаБИШ–борборубуздун булганган жерлерин таштандылардан жана турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарынан (ТКК) тазалоо боюнча экологиялык акция. Бул акциянын максаты коомчулуктун көңүлүн Бишкектин экологиялык көйгөйлөрүнө буруу, шаардыктардын арасында сырттан карап байкап туруучунун эмес, экологиялык акциялардын жана иш-чаралардын жигердүү катышуучусунун позициясын калыптандыруу.

Акциянын бардык катышуучуларына зарыл шаймандар (таштандылар менен ТККны чогултуу үчүн мээлей жана мүшөктөр) берилет. КатышуучуларГареев атындагы Ботаникалык бакчанын дарбазасынын жанында саат 10:00дө чогулат.

Телефон: 0555 151851 (Данияр Сүйүндүк уулу, эко-акциянын координатору)



Экологиялык тарбиялоо боюнча лекция-презентация

Качанжана кайда: кошумча кабарландырылат

Бишкек шаарынын мектеп директорлорунун тарбиялык иш боюнча орун басарлары үчүн экологиялык тарбиялоо боюнча интерактивдүү лекция-презентация.

Тили: кыргыз жана орус

Телефон: 0550 328899 (Айзада Ургуналиева, эко-долбоордун ассистенти)



Химия, биология жана география мугалимдери үчүн экология боюнча лекторий

Качанжана кайда: кошумча кабарландырылат

Борбордун мектептеринин мугалимдери үчүн экологиялык темага интерактивдүү лекция.

Тили: орус

Телефон: 0556 205305, 0550 328899



Борбордогу МБУлардын тарбиячылары жана методисттери үчүн лекция-презентация

Качан жана кайда: кошумча кабарландырылат

Турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын (ТКК) башкаруу боюнча «Таштандылар – биздин байлыгыбыз» лекция-презентациясы, ал МБУлардынтарбиячылары/методисттери үчүн таштандыларды өз-өзүнчө чогултуу жана ТККныпайдалануу боюнча мастер-класстар менен коштолот. Лекциянын жүрүшүндө катышуучуларга эко-темасынавидео-роликтер көрсөтүлөт, ошондой эле ТККдан буюмдарды жасоо боюнча «Атам, апам жана мен – экологиялуу үй-бүлөбүз» конкурсунун башталышы жөнүндө жарыяланат.

Тили: орус

Телефон: 0556 205305, 0550 328899



АР БИР ИШЕМБИДЕ - ата-энелер үчүн "Радио мектеп"

Качан: 10:00-10:30

Кайда: Кыргыз радиосу

Бул «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун жана КТРКнын «Кыргыз радиосу» радиостанциясынын биргелешкен жаңы долбоору – «Кенже курактагы балдарды өнүктүрүү» багытында «Ата-энелер үчүн радио мектеп». Бул долбоордун алкагында күнүнө эки жолу эфирде ата-энелер үчүн пайдалуу кеңештер уктурулат, ал эми ар бир ишембиде угармандарга балдарды кенже курактан тартып өнүктүрүү боюнча адистердин интервьюсу сунуш кылынат.

Бул долбоордун максаты – ата-энелерди, өзгөчө жаш ата-энелерди пайдалуу маалымат жана балдарды кенже курактан тартып өнүктүрүү жагындагы адистердин кеңештери менен камсыз кылуу.

Телефон: 0552 855 710 (Топчугуль Шайдуллаева)




АР БИР ЖУМА КҮНҮ - "Гений" радио берүүсү

Качан: ар бир жума күнү саат 13:30дөн 14:00гө чейин

Кайда: Биринчи Радио

Телефон: 0552 600 738, asanasyl@gmail.com