Тогузунчу «ТазаБИШ» (таза Бишкек) экологиялык акциясы

October 10, 2017, 06:00

7-октябрда Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан Гареев атындагы Ботаникалык бакчанын аймагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун, Япон эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) кызматкерлери, № 94 лицейдин өкүлдөрү жана № 39 гимназия-мектебинин окуучулары "ТазаБИШ" (таза Бишкек) эко-акциясына катышты.

 

Экологиялык ишембиликти өткөрүү орду бекеринен тандап алынган жок. Ботаникалык бакча – шаардыктардын жана борбордун меймандарынын таанымал орду жана ошондуктан аны таза кармоого умтулуу керек.

 

Ишембиликтин учурунда 40 мүшөктөн ашык таштандылар жана турмуш-тиричиликтин катуу калдыктары чогултулду.

 

Кезектеги "ТазаБИШ" эко-акциясына катышып жана сүйүктүү шаарыбыздын тазалыгына өз салымын кошкондордун бардыгына уюштуруучулардын атынан ыраазычылык билдиребиз!

 

Фотону В.С.Пархоменко берди