Күзгү «ТазаБИШ» эко-акциясы

October 4, 2017, 06:00

Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкектин экологиясына көңүлкош болбогон бардык жарандарды, волонтерлорду жана ыктыярдууларды шаардын булганган жерлерин таштандыдан жана турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарынан (ТКК) тазалоо боюнча «ТазаБИШ» (таза Бишкек) экологиялык акциясына катышууга чакырат.

 

Акция 7-октябрда саат 10:00дө Ахунбаев көчөсү менен Алма-Ата көчөсүнүн кесилишиндеги Гареев атындагы Ботаникалык бакчанын дарбазасынын жанында башталат.

 

Акциянын бардык катышуучуларына зарыл шаймандар –таштандылар менен ТККны чогултуу үчүн мээлей жана мүшөктөр берилет.

 

Аба ырайынын жакшы болушу күтүлүп жатат, демек, биз ишембиде Бишкектин тазалыгына конкреттүү салымын кошууну каалагандардын бардыгын күтөбүз.

 

 

Маалымдама:

«ТазаБИШ» экологиялык акциясы «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында 2015-жылдан бери Бишкек шаарында өткөрүлүп жатат.

Кезектеги акция санагы боюнча 9- болуп саналат жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ тарабынан Япон эл аралыккызматташтык агенттиги (JICA) менен бирдикте өткөрүлүп жатат.

«ТазаБИШ» акциясы шаардыктардын жана борбордун меймандарынын экологиялык маданиятын жана аң-сезимин жогорулатууга багытталган.

2015-жылдан бери Бишкекте 8 эко-акция өткөрүлдү, аларга 1300гө жакын адам катышты.

 

«ТазаБИШ»эко-акциясынын координатору - Данияр Сүйүндүк уулу (0555 151851).