Бишкектин мектеп окуучулары үчүн эко-маданият жөнүндө
September 28, 2017, 06:00Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» экологиялык долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгыменен бирдикте уюштурган «Эко-тарбиялоо боюнча билим кербени» экологиялык акциясы старт алды.
«Эко-тарбиялоо боюнча билим кербени» экологиялык акциясы экология жөнүндө билимдерди аныктоо жагынан интерактивдүү презентация-лекцияны, дискуссияларды, тесттижана командалык оюнду билдирет. Кербендин жүрүшүндө балдар «адам өзү жашаган жерге кандай зыян келтирет», «пластик, таштанды жана булганч аба ден соолукка жана курчап турган чөйрөгө канчалык зыяндуу» жана эң башкысы «биз курчап турган чөйрөгө кантип жардам бере алабыз» деген сыяктуу суроолорго жоопторду алат.
Жаңы окуу жылында Кербен борбордун № 2 мектебинде старт алды, ал жерде эко-долбоордун өкүлдөрү 7 жана 8-класстардын окуучулары менен жолугушту. Кербен аяктагандан кийин 170тен ашык мектеп окуучусу уюштуруучулар менен бирге «Жаш бишкектиктин эрежелери» плакатын окуду жана келечекте бардык эрежелерди сактоого жана курчап турган жаратылышты сактоого убада берди.
«Эко-тарбиялоо боюнча билим кербени» экологиялык акциясы борбордун мектептеринде 2015-жылдан бери өткөрүлүп жаткан «Билим кербени: Бишкектин мектеп окуучулары үчүн табигый илимдердин көчмө өнөрканасы» акциясынын уландысы болуп саналат жана мектеп окуучуларынын экологиялык тарбиялуулугунжогорулатууга, аларда учурдагы экологиялык көйгөйлөрдү түшүнүүнү жана жаратылышты сактоо үчүн жоопкерчилик сезимин, алардын жаратылышты коргоо иштерине жигердүү катышуусунарттырууга багытталган.
Эко-долбоордун акциялары жөнүндө кең-кесири: http://roza.kg/initiative/investing-in-next-generation/eco-project/