Мугалим күнү менен!

October 4, 2017, 06:00


Урматтуу педагогдор!


Мына силердин кесиптик майрамыңар – Мугалим күнү кайрадан эшикти каккылап жатат!


Мугалим бардык мезгилдерде аны аздектөө үчүн үлгү, интеллигенттүүлүктүн, бийик адептик сапаттардын үлгүсү болгон. Силердин эмгегиңерге эң бийик талаптар коюлат, ал эми азыркы дүйнөдө силердин ролуңарга баа бербей коюуга болбойт.


Мугалимдин эмгегинин кайталангыстыгы анын натыйжалары ондогон жылдардан кийин гана көрүнөөрүндө турат, ал эми педагогдун эң чоң бактысы – биринчи класстагы эселек балдар ак ниет, билимдүү, даанышман адам болуп чыкканын көрүү.

 

  

Биздин кымбаттуу мугалимдерибиз!


Ушул майрам күнү жогорку кесипкөйлүгүңөр, ошондой эле максатка жетишүүдөгү чексиз сабырдуулугуңар үчүн силерге ыраазычылык билдиргибиз келет. Өз окуучуларыңарга «акыл-эсти, жакшылыкты, түбөлүктүү нерселерди» тартуулап жана балдарга өз мээримиңерди төгүп жатканыңар үчүн силерге ыракмат!


Сирелге ачык асман жана бакубаттуулук каалайбыз! Силерди окуучуларыңар өз ийгиликтери менен кубандыра берсин, силерге жаңы чыгармачылык идеяларды жана шактанууларды тилейбиз! Силер өткөн ар бир сабак балдар үчүн Турмуштук ачылыштар китебинде жаңы барак болуп калсын! Силерге узак өмүр жана татаал, бирок ушунчалык маанилүү ишиңерде – адамды тарбиялоодо жаркын ийгиликтерди каалайбыз!


«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын

уюштуруучусу жана жамааты