«Манас» кыргыздардын баатырдык эпосу» (сүрөттөрдө) жана «Балерина» китептери Эл аралык конкурста мыкты деп таанылды
September 13, 2017, 06:00«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Мезгилдүү басылма, китеп басып чыгаруу, китеп таратуу жана полиграфия жагынан мамлекеттер аралык Кеңештин «Искусство иллюстрации» номинациясында II даражадагы диплом менен сыйланды.
Сыйлоо 2017-жылдын 6-сентябрынан 10-сентябрына чейин ВДНХда өткөн Москвадагы эл аралык китеп-ярмакасынын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин XIV Эл аралык конкурсунун жыйынтыктары боюнча болуп өттү.
Атап айтканда, сыйлык Бексултан Жакиевдин «Манас» кыргыздардын баатырдык эпосу сүрөттөрдө» китебин даярдоо жана чыгаруу үчүн алынды.
Мындан тышкары, Фонд Н.Шагапованын балдар үчүн «Балерина» китебин даярдоо жана чыгаруу үчүн атайын дипломго татыктуу болду.
Сыйлыктар «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын китеп чыгаруу боюнча эксперти Кенжекан Усуповага 2017-жылдын 8-сентябрында Москва шаарында тапшырылды.