Р.И. Отунбаева Ысык-Көлдүн айланасындагы Айтматов жүргөн жерлер боюнча «Кызыл жоолук... Чебердин аял образдары» туруна катышты

September 14, 2017, 06:00

2017-жылдын 8-сентябрынан 10-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын экс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И. Отунбаева Ысык-Көлдүн айланасындагы Айтматов жүргөн жерлер боюнча «Кызыл жоолук... Чебердин аял образдары» туруна катышты. Иш-чара Ч.Айтматовдун чыгармаларын даңазалоого, кайра даңазалоого, Айтматов жүргөн жаңы жерлерди ачууга, туристтик жерлердин гуманитардык курамына басым жасоого, агартуунун катышуучуларын мобилизациялоого, өз тарыхын, адабиятын, маданиятын, архитектурасын ачууга, ички билим туризмин өнүктүрүүгө багытталган.

 

Атап айтканда, Р.Отунбаева турдун катышуучулары менен бирдикте «Жомок» каньонундагы перфоманска катышты, Тоң районундагы Жомок сайда жана Түп районундагы Чоң Бет жайлоосунда, башкача айтканда, «Ак кеме» фильми тартылган жерлерде болду.

 

Ошондой эле 9-сентябрда Р.Отунбаева Тоң районундагы Кажы-Сай айылында Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шигаевдин сүрөт музейинин ачылышына катышты. Ачылышка ошондой эле Социалисттик Эмгектин үч жолку Баатыры Т.Акматов, өлкөнүн көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлери, Россиядан, Казакстандан, Түркиядан келген көрүнүктүү сүрөтчүлөр жана башкалар катышты.

 

Р.Отунбаева өзүнүн саламдашуу сөзүндө Ю.Шигаевдин кесиптик чеберчилигин жогору баалап, өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүүдө Ысык-Көлдүн жээгинде ушундай музейди ачуунун маанилүүлүгүн белгиледи жана музейдин атайын китебине өз каалоолорун калтырды. Анда ал мындай деп жазды: «... музей – элге, Мекенге кызмат кылуунун үлгүсү. Ысык-Көл алда канча жагымдуу болуп калды – жээкте дагы бир бермет пайда болду! Өзүмдүн мекендешим менен сыймыктанам».