Жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейинки балдарды эртелеп өнүктүрүүнүн базалык стандарттарын илгерилетүү жана жүзөгө ашыруу боюнча Билим берүү Форуму.

September 18, 2017, 06:00

2017-жылдын 19-сентябрында Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин базасында жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейинки балдарды эрте өнүктүрүүнүн базалык стандарттарын илгерилетүү жана жүзөгө ашыруу боюнча Билим берүү Форуму болуп өтөт.


Иш чарага КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Т.Ызабеков, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Д.Ш.Кендирбаева, райондук мамлекеттик администрациялардын социалдык тармактар боюнча орун басарлары, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагынын жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери, ошондой эле аталган стандартты иштеп чыккандар, эксперттер, окутуучулар жана башталгыч класстар боюнча методикалык бирикмелердин методисттери, мектепке чейинки жана мектеп билим берүү уюмдарынын жооптуу адистери,шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун жетекчилери, айылдык ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, усулдук борборлор, Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин, педагогикалык колледжинин жана жеке менчик педагогикалык колледждердин профессордук педагогикалык курамы жана студенттери, ата-энелер,өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, ММК катышат.

 

Р.И.Отунбаева «Кайсы гана мамлекетте болбосун сапаттуу кызматтарды түзүү – кедейликти жоюунун маанилүү жолдорунун бири» деп эсептейт.


2016-жылы ЮНИСЕФтин колдоосу менен эксперттер тарабынан балдарды жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейин өнүктүрүүнүн Базалык Стандарттары иштелип чыкты.


Форумдун максаты – Кыргыз Республикасынын педагогикалык жогорку окуу жайларынын ортосунда бирдиктүү желени түзүү аркылуу балдарды жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейин өнүктүрүүнүн Базалык Стандарттарын илгерилетүү жана жүзөгө ашыруу.


«Форум азыркы Кыргызстандын балдарынын эртелеп өнүгүүсү сыяктуу актуалдуу проблемага арналып жатат. Анткени эрте жаш курактагы балдарга инвестиция салуу ар бир мамлекеттин өнүгүү келечегинде жана кедейликти кыскартууда маанилүү багыт болуп саналат. Балага жумшалган ар бир доллар инвестиция ал чоӊойгондо 7$ болуп кайтат», - дейт Юкиэ Мокуо.

 

Форум учурунда 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн Базалык Стандарттары тууралуу маалымат берилет жана аларды мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикалык практикасына киргизүү жөнүндөгү маселе талкууга алынат.


Форумдун жыйынтыгында балдарды эртелеп өнүктүрүү боюнча Стандарттарды киргизүү максатында педагогикалык жогорку окуу жайлардын бирдиктүү Желесин түзүү каралып жатат.


Форум саат 9.30 да башталат.

Контакты: Т.Шайдуллаева 0772 85 57 10 0552 85 57 10