Кыргыз Республикасынын Экс-президенти Р.Отунбаева БУУнун жогорку деңгээлдеги кеңешчилер Комиссиясына мүчө болду
September 14, 2017, 06:00КР экс-президенти, «Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И. Отунбаева Бириккен Улуттар Уюмунун жогорку деңгээлдеги кеңешчилер Комиссиясына мүчө болду. Бул тууралуу 2017-жылдын 13-сентябрында БУУнун Генералдык катчысы Антонио Гутерреш билдирди.
Аталган Комиссиянын курамына 18 киши кирген. Алардын ичинде Чили өлкөсүнүн президенти Мишель Бачелет, Шри-Ланканын Конституциялык Кеңешинин мүчөсү Радика Кумарасвами, Финляндиянын экс-президенти Тарья Халонен, Иорданиянын ИИМинин экс-башчысы Нассер Джода, Алжирдин ИИМинин экс-башчысы Рамтане Ламамра, Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, Гватемаланын экс –Тышкы иштер министри Герт Розенталь, Кентербери Архиепископу Джастин Уэлби жана башкалар бар.
Бул топ БУУнун тынчтык үчүн дипломатияны жогорулатуу жана бардык деңгээлдерде натыйжалуу дипломатияны жана ортомчулукту жүргүзүү боюнча анын мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүү максатында түзүлгөнү белгиленүүдө.
"Мен Комиссиядан конкреттүү ортомчулук күч – аракеттерди күтөм жана аларды колдоймун. Алар аймактык уюмдар, бейөкмөт топтор жана дүйнөдөгү ортомчулук аракеттерге тартылган бардык адамдар менен натыйжалуу иштөөгө бизге жардам беришээрине ишенем», - деп айтты Гутерреш.
Мындан тышкары, ал БУУга жаңы гендердик стратегиялардын киргизилгени жөнүндө билдирди. Буга ылайык, 2021-жылда бул уюмдун жетекчи кызматтарында эркектер менен аялдардын саны бирдей болушу керек.
"Гендердик теңчилик жана аялдардын укуктарынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши дүйнөдөгү адам укуктары жаатындагы негизги милдеттердин бири болуп саналат», - деп эсептейт Гутерреш.